Эрин жылтырактарын сагынуу

«Нымдуу» бетке болгон моданын артынан жаркыраган, өзүнө тарткан эриндерге болгон тренд кайтып келе жатат. Бул тренд кайрадан абдан популярдуу болуп жатат. Сүйүктүү жылтырактарды косметичкаңа кошууга убакыт келди. Алар образды сергитип, ага жеңилдикти тартуулайт. Макияжды оорлоштурбастан, алар күндүзгү макияжда да, кечки макияжда да сонун көрүнөт.

90-жылдардын эң модалуу айымдары эриндерин нюд жылтырактары менен боеп, контурду күңүрт түстөгү, мисалы, күрөң же кочкул кызыл карандаш менен чийишкен. Мындай макияж визуалдык түрдө эриндерге көлөм берип, чоң популярдуулукка жеткен.

Фарфор сымал тери, көздүн ачык макияжы жана кызгылт эриндер. Ооба, бул биз сүйгөн Барбинин образы. Сен бардык кызгылт түстөрдү колдонсоң болот, алар куурчак макияжын жаратуу үчүн абдан ылайыктуу болот.


Эрин жылтырагын өз алдынча же помаданын үстүнө – өзүңдүн тандооңо жараша колдонсоң болот. Помадасыз боелгон нейтралдуу жылтырак эриндерди табигый бойдон калтырат. Бул көздөр активдүү боелгон голливуд макияжын, смоки айзды же мышыктын көз карашы сымал чийилген жебени толктайт. Эгер эриндерге басым жасоо менен макияж жасоону кааласаң, жылтыракты ачык түстөгү помаданын үстүнө колдон. Ошондо макияж ачык болуп көрүнөт.

 

Видеодогу маккияжды кайталоо боюнча кеңештер:

1. Тоналдык кремди сүйкөөгө киришүүдөн мурда, териңди праймердин жардамы менен даярда.

2. Туура тандалган тоналдык крем теринин кемчиликтерин жашырып, бир күн бою анын тегиз түсүн сактап турат. Өнүмдү түстү беттин ортосунан четтерине карай жайып сүйкөө керек.

3. Конурингге арналган стиктин жардамы менен бет сөөгүн жана чыкый аймагын бир аз карарт.

4. ЛАЙФХАК: хайлайтер менен эндикти эрин жылтырагына алмаштыр. Анын гель сымал текстурасы нымдуу теринин эффектин жаратат, ал эми жылтылдаган бөлүкчөлөрү териге жаркыроо тартуулайт. Агыш түстүү теринин ээлери кызгылт түсү бар жылтыракты (мисалы, аяздуу пион), ал эми кара тору кыздар күрөң түсү бар жылтыракты (мисалы, муздуу карамель) колдонсо жакшы. Бир гана манжаларыңдын учтары менен сүйкө.

5. Көз макияжында табигый көлөкө түстөрүн – шабдаалы, ачык-кызгылт, күрөң түстөрдү колдонуу керек экенин эстен чыгарбоо маанилүү. Кичинекей жумшак кисть жеңил мунарык жаратууга жардам берет, көлөкөнү кыймылдуу кабагыңа сүйкөп, жеңил жайып бое.