Тестирленген: Giordani Gold Metamorphosis тону

Oriflameде инновациялык текстурасы менен биринчи тоналдык креми пайда болду: териге сүйкөгөндө, ал кремден пудрага өтүп өзгөрөт. Пудра, матирлей турган салфеткалар, бир күндүн ичинде макияжды оңдоп туруу жана сенин бетиң жылтырабай эле турабы деп кооптонуулар – булардын баары артта калды. Күнү бою жалтырабаган туруктуу жабуу! Текшерелиби?

 

 

  

Сен косметиканы мурдатан эле жакшы көрүп келдиң беле?

Мен макияж жасоону чындыгында Oriflameге келгенде эле жакшы көрүп калдым. Жумуштан мен ар дайым биздин продуктуларды тестирлеп турам — ошентип мен ушул индустрияны абдан жакшы көрүп калдым. Сүрөт тартуу бул   мээнин оң жак жарым шарынын, анын чыгармачылык бөлүгүнүн жакшы иштөөсүнө  жардам берет дешет. Ал эми бул жерде деле, сен ошону эле жасайсың, бирок аны бетке тартуу менен колдоносуң Бул эң сонун антистресс жана жаңы образдарды жаратууга карата мүмкүнчүлүк болуп саналат.

Сенин күнүгө жасоочу макияжыңа тоналдык крем да киреби?

Мурда мен аны жакшы деп эсептечү деле эмесмин: тери чарчайт, дем албайт, мен дайыма бетимди кармалай берем деп ойлочумун. Ар бир эле тональник ага чыдай бербейт!   Бирок, жаңы тон Metamorphosis эми тим эле укмуш. Мен аны съемкага тартууга да аракет кылгам, ал болсо укмуш: назик, бархат сыяктуу, териге эң эле жагымдуу келет. Мен аны күн сайын колдонууга даяр экенимди тастыктайм! 

Мусс — бул менин сүйүктүү текстурам.

Мен сенсорикмин, жана аны колдонуу процессинин өзү мага канааттанууну алып келиши мен үчүн абдан маанилүү.

Сен идеалдуу образды канчалык тездикте түзө аласың?

Кээде 3 мүнөттө жыйнала алам, айрым учурда жарым сааттай аракеттенем —  бул менин канча убакытым бар экенине жараша болот. Мен экстраваганттуу макияж жасабайм, бирок мен үчүн тон сөзсүз түрдө болушу керек. Күнү бою туруктуулук, комфорт  жана мен азыр эле боенгондой болуп, сергек жүрүшүм мен үчүн абдан маанилүү,  Ошондуктан, жаңы Giordani Голд Metamorphosis мен үчүн идеалдуу түрдө туура келет деп эсептейм.

  

Өзүңдүн биринчи макияжыңды сен качан жасадың эле?

8-класстын башында мен косметика: тендер, тушь, карандаштар менен эксперимент жүргүзө баштагам. Журналдардан мастер-класстарды окуу мен үчүн абдан кызыктуу боло турган эле: бардык сабактарды жана кеңештерди мен биринчи өзүмө колдончумун, андан кийин макияжды жууп кетирип салчумун. Андай макияж менен мен көчөгө же мектепке барчу эмесмин, үйдө гана ошондой макияж менен жүрө алчумун.

Сен үчүн тоналдык кремдин кайсы касиеттери – принциптүү иш болуп саналат?

Аны сүйкөп колдонуу комфорттуу болсо, тон жакшы жарашса, теринин майда кемчиликтерин жаап, билиндирбей турса жана теринин өңүн тегиз кылып турса, ушулар мен үчүн абдан маанилүү. Мен макияжды улам оңдоп туруу менен алагды болгонду жаман көрөм, ошондуктан жумуш күн аяктаганга чейин макияж эч нерсе менен бузулбай тургандай болгон каражатты издейм.

Тоналдык каражатты сатып алуудан мурда мен анын курамын абдан көңүл коюп окуп чыгам — себеби   тоналканы мен күнүгө колдоном.

Жаңы Giordani Голд Metamorphosisга пайдалуу экстракттарды кошкону эң сонун болду.

Ал эми кооз флакончигичи?

Таңгактары мен үчүн маанилүү деле эмес, мен үчүн анын функционалдуулугу маанилүү. Тюбиктерди жакшы көрөм:алар жеңил, саякатка чыкканда аларды жаныңда алып жүрүү абдан ыңгайлуу болуп саналат.

  

Сенин жашооңдо макияж кайсы орунду ээлейт

Мен болжол менен мектепте жогорку класстарда окуп жүргөндө боёно баштагам – мен аларды жөн гана колдонгум келген жана өзүмдү менден улуу айымдардай сезгим келген. Ал эми азыр болсо, мен өзүмдүн жашоомду макияжсыз элестете албайм. Бул менин ар бир күнүм үчүн милдеттүү жана сүйүктүү ритуалым болуп саналат. Ал тургай дем алыш күндөрү да!

Сен бьюти-тренддерге байкоо жүргүзүп турасыңбы?

 Ооба, бирок мен аларды дароо эле ошол жерден колдонууга анчалык көп умтулбайм. Менин макияжым нукура табигыйлыкка жакын, 10-15 минутанын ичинде макияжды жасап бүткөрө алам:  праймер, пудра, хайлайтер, айрым учурда тоналдык негиз, тушь жана көздүн үстү үчүн тендерди колдоно алам. Адатта, көздөрүмдү боёгонго көбүрөөк көңүл бөлөм, эриндерге эмес. Менин косметикам абдан көп: мен аларды колдонгонду жакшы көрөм жана ошондуктан аларды болушунча көп сатып алам, бирок ал баардык каражаттарды бир эле убакта колдонуу керек дегенге жатпайт да!

Сен тоналдык кремди күнүгө сүйкөйсүңбү?

Тери ага чынында эле муктаж болгондо гана, теринин тегиз жана кынтыксыз болушун каалаган учурда – мисалы, мен маанилүү бир жолугушууга барганда, же үй-бүлөм же досторум менен убакытты  үйдөн тышкаркы, башка жерде өткөрүү учурунда.

                   

Бетке макияж жасоо боюнча каражаттарга мен өзгөчө талап коем, анткени, алар калган бүтүндөй образдын таза холстун түзүшөт эмеспи.

Менин ваннамдын текчесинде көптөгөн сандагы жарым-жартылай тунук болгондон жыш коюуларга чейин, классикалыктан  BB жана CC-кремдерине чейин тоналдык негиздер тизилип турат. Менин теримдин муктаждыктарына, аба ырайына, күндөлүк планыма жараша —  же жөн эле маанайым жакшы болсо, финиш, текстура жана жабуунун деңгээлин тандоо мага абдан жагат.  Менин коллекциямда дагы бир каражат үчүн дайыма орун табылат.  

Идеалдуу тоналдык негиз тери менен толук бирдей өң болуп аралашып кетет жана таптакыр билинбейт. Масканын натыйжасысыз табигый жабуу.

 

Эгерде сен дүйнөдөгү бардык аялдарга бир мейкап-кеңеш бере ала турган болсоң, ал кеңешиң кандай болот эле?

Нукуралуу табияттыкта бол жана ашыкча аракет жасап жибербе!  

Баатырларды тандоо

Giordani Голд Metamorphosis - Oriflameдеги биринчи тоналдык негиз, анын текстурасы MetaReactive технологиясынын жардамы менен териге тийгенде кремдиктен пудралыкка өтүп өзгөрүп кетет.

Каражат чарчоонун белгилерин жаап-жашырып коет, күнү бою тыгыз бозомтук жабууну түзөт жана улам пудралап турууну талап кылбайт.

Кол менен чогултулган суу балырларынын экстракты терини калыбына келтирет, уникалдуу 3D-пигменттери жана Oil Control технологиясы болгон кемчиликтерди билингис кылып коёт жана кынтыксыз боз финиш болоорун кепилдейт. Өзүң колдонуп көрүп, анан ишен жана #менсунуштайм хештеги менен соцтармактардан өзүңдүн ой-пикирилериң менен бөлүш! 

Текст: Сүрөт: Oriflame