Металлик эффекти менен помаданы кантип колдонуу керек

THE ONE Colour Stylist Ultimate сериясында жаӊы өнүм пайда болду, ал металлик эффекти бар помада. Галина Ильина өзгөчө өнүмдү кандай макияж менен айкалыштыруубуз оӊ экенин жана өзүбүзгө ылайыктуу түстөрдү кантип тандообуз керек экенин айтып берет.


The ONE жаӊы өнүмүнүн негизинде жаркыраган тереӊдиктин инновациялык технологиясы жатат, ал жумшак жалтырабаган жабуунун интенсивдүүлүгү менен металлдын жаркыроосун айкалыштырып, көз көрүнөө көлөм жаратат. Помада оӊой сүйкөлүп, каныккан түскө ээ болуп, мыкты кармалып, эриндерди күн ичинде азыктандырат.

Помаданын түсүн тандоодо ошол эле классикалык Colour Stylist үчүн жараган схема ылайыктуу — баса, сенин сүйүктүү помадаӊ эми жаӊыланган таӊгакта! Классикалык помаданын да, металликтин да бардык түстөрүн көрүү үчүн шилтемени бас — жана да ал жерден туура карандашты да тандап алсаӊ болот!

 

Бардык түстөрдү көрүү

Керектүү түстү тандоо үчүн териӊдин жана колдоруӊдагы тамырлардын түсүнө көӊүл бур

Эгер тамырлар көк же кызгылт көк болсо, анда териӊдин түсү кызгылт түскө жакын – муздак түстөргө көӊүл бур (мисалы, Платина нюду, Аяздуу сирень  же Малина музу).

Тамырларыӊ көгүш-жашыл, териӊ сарыга жакын болсо – жылуу түстөрдү танда (Алтын металлик, Коло терракота, Жалтырак шоколад). 

Эгер сен тамырыӊдын түсүн аныктай албасаӊ, анда териӊдин түсү – нейтралдуу. Жарыкка, убакытка жана жыл мезгилине жараша ал жылуу же муздак түскө жакын болушу мүмкүн. Бардык түстөр менен эксперимент жасай берсеӊ болот!



Жаӊы помада менен мен кандай макияж жасаганымды карап көр. Металлик менен боёнуу оӊой, бирок анын бир нече амалдары бар:

1. Жаркыраган түстөр үчүн – помада бир өӊчөй катмар менен боёлушу үчүн эриндердин териси жумшак жана нымданган болушу керек. Кабырчыктанып жатса скраб жана азыктандыруучу бальзам  колдон.

2. Металлик үчүн так контур керек – помаданын түсүнө же эриндердин табигый түсүнө болушунча окшош эринге арналган карандашты колдон.

3. Металликти эриндериӊе толук колдонуудан чочулап жатсаӊ, эриндин ортосун бир аз жалтыратып боёдон башта Жалтыратпоочу же крем помададан баштап, алдыӊкы эриниӊдин ортосуна жаркыраган помададан кошуп кой – бул көлөм берүү үчүн классикалык лайфхак болуп саналат. Металликти сөзсүз түрдө дал ошол түстө тандоо керек эмес – контрасттуу айкалыштырып көр. Мисалы, жалтыратпоочу кызыл же шарап түсү менен + алтын металлик.

4. Ачык же күӊүрт түстөгү металлик толук кандуу акцент болот – аны ачык көз макияжы же активдүү эндиктер менен айкалыштырууну сунуштабайм.  Ал эми  агыш түстөр тескеринче smoky eyes’ты толуктайт.