1. Ар дайым бир убакта ойгонууга аракет кыл!
Адамдар – өз адаттарынын туткуну, ошондуктан, ойготкучту бир убакытка койсок, өз денебизди эс алууга көндүрөбүз. Анткени, акыры уйкуң канганын билүү кандай сонун экенин билебиз, туурабы? сигналды кийинкиге калтырууну каалаган сайын муну эстеп тур. Сомнологдор ар дайым бир убакытта ойгонуп, же уйкусуздукту дарылоо үчүн илимий изилдөөлөргө негизделген уйку чектөө ыкмасын колдонуп көрүүнү сунушташат.
Ишиңди же окууңду күн сайын бир убакытта баштооң керек экенин эске алуу менен, өз ыргагыңа ылайыктуу болуп, өзүңдү жакшы сезүүңө өбөлгө түзгөн бир убакытты тандап ал. Биз иш күндөрү эле эмес, дем алыш күндөрү тууралуу дагы айтып жатабыз. Демек, күн сайын ойгонуу үчүн бир убакытты тандап, бул режимди бир же эки ай колдонуп көр. Бактылуу таңга, алга!
2. Пайдалуу эртең мененки тамак – эң негизги эртең мененки ритуал!
Даамдуу жана пайдалуу эртең мененки тамактануу бул – күндүн туура башталышынын негизи. Ал сага кийинки тамактанууга чейин жөн гана жетиштүү энергия бербестен, ички талдоого да бир аз убакыт берет. ошондуктан телефонуңду четке алып, тамактанууга көңүл кой. Марлен Нордландер, Wellness саламат тамактануусу боюнча эксперт мындай дейт:
“Менин оюмча, эртең мененки тамактануу – бул эң жагымдуу тамактануулардын бири! Ал менин күнүмдү тууура багытка бурат. Окумуштуулар далилдегендей, эртең мененки тамактануу когнитивдик функцияларга, башкача айтканда көңүл коюуга, аткаруу функцияларына, эс тутумга оң таасирин тийгизет. Кээ бир изилдөөчүлөр, эртең мененки тамактанууну өткөрүп жиберүү семирүүгө алып келүүсү мүмкүн экенин божомолдошот. Организмди керектүү азыктандыруучу заттар менен камсыздоо үчүн, белокторду жана клетчатканы тандоо керек. Бул – жумуртка, сүт азыктары, мөмө-жемиштер, бүтүн дандуу нан же акшактар! Мен билгенден, көп адамдар үчүн эртең менен булар менен тамактануу кыйынчылык жаратат. бул учурда эртең мененки тамакты ичип алуу оңой. Сүт азыктарынын негизинде (же өсүмдүк негизиндеги альтернативасынын негизинде) жемиштер жана акшактар кошулган смузи ичип көр. Ошондой эле бир аз протеин күлмайдасын кошсоң да болот, мисалы, биздин сүйүктүү Wellness Protein Blend же Natural Balance Shakes.”
3. Макияжга убакыт келди!
Эртең менен макияжга бир аз убакыт бөлүп турсаң, өзүңдү ишенимдүү сезе баштайсың. Сенин сырткы көрүнүшүң өзүндү сезүүң менен тыгыз байланышта, ошондуктан өзүңө идеалдуу натыйжаны камсыздаган жана убакыт менен текшерилген өнүмдөрдү танда. Алар күндүн мыкты башталышы болуп берет. Giordani Gold Pure Úforia SPF 35 гармонилашкан тоналдык негизин сүйкөө гана жагымдуу болбостон, ал териңе ичинен жаркыроо тартуулайт. Уникалдуу молекулалуу түзүлүшү окумуштуулар тарабынан сен аны колдонууда бактылуу болгондой иштелип чыккан. Мындан тышкары, курамындагы SPF’тин аркасы менен сенин териң күндөн ишенимдүү корголот.
Демек, биз сенин таңыңды бир аз болсо да жакшыртуунун үч эң жөнөкөй ыкмасын билип алдык!