Түс тиби боюнча жылтырак помаданын түсүн тандайбыз

Cен жаркырай турган кечелердин жана жаңы жылдык иш-чаралардын мезгили жакындап калды! The ONE Colour Stylist Ultimate 1де 5 «металлик» эффекти бар эрин помадасынын линиясы менен wow-эффектке жетишүү оңой болот. Ал эми биз сага ылайыктуу түстү тандоого жарам беребиз!

Туура тандалган түс бетиңдин түсүн баса белгилеп, эриндериңди туура баса белгилеп, толук жана стилдүү образ жаратууга жардам берет. Бирок бул сени бир гана түс менен чектебейт, - ар кандай кийимге, ар кандай мезгилге жана жагдайга ылайыктуу бир нече кызыктуу түстөрдү тандап алсаң болот. The ONE Colour Stylist Ultimate линиясы – бул «металлик» эффекти бир 10 тренддик, жумшак жалтыратпоочу түстөр жана алардын арасынан сен өзүңө жаккан түстү таба аласың!

МУЗДАК ТҮС

КАНТИП АНЫКТОО КЕРЕК: сенин тамырың көк же кызгылт көк түстүү, териңдин түсү кубарган жана/же кызгылт.

САГА ЭМНЕ ЫЛАЙЫКТУУ БОЛОТ: чаңдуу кызгылт, фуксия, алча жана кара өрүк түстөрү.

БИЗДИН ТАНДООБУЗ: «Аяздуу Сирень»– назик романтикалуу образ үчүн,«Малина Музу»– жаркын, сергек жана заманбап лук үчүн,«Алча Сорбети»жана«Бургунди Болоту»– салтанаттуу иш-чаралар үчүн силдүү жана ачык түстөр.

НЕЙТРАЛДУУ ТҮС

КАНТИП АНЫКТОО КЕРЕК: Эгерде тамырыңдын түсүн аныктоо кыйынчылык жаратып жатса, териңдин түсү нейтралдуу болушу мүмкүн. Жарыкка, күндүн убагына жана мезгилге жараша ал улам же жылууга, же муздакка жакындашы мүмкүн.

САГА ЭМНЕ ЫЛАЙЫКТУУ БОЛОТ: кызыл-кызгылт сары, назик кызгылт, коралл же шабдаалы түстөрү. Кышында, териң бир аз кубарып турган учурда сага бардык муздак түстөр ылайык келет, ал эми жайында, бир аз күнгө күйгөндө, жылуу түстөрдү колдонсоң болот.

БИЗДИН ТАНДООБУЗ:«Платина Саргыч Боз»– ар күнгө ылайыктуу элеганттуу тынч түс. «Кызыл Жез» – сезимтал жана ошол эле учурда асыл түс«Жылтырак Шоколад» – унутулгус кече үчүн бай, асыл түс.

ЖЫЛУУ ТҮС

КАНТИП АНЫКТОО КЕРЕК: тамырыңдын түсү көк-жашыл, териңдин түсү сарыга жакын.

САГА ЭМНЕ ЫЛАЙЫКТУУ БОЛОТ: ширелүү мөмө, кызыл жана терракота түстөрү.

БИЗДИН ТАНДООБУЗ«Алтын Металлик» – иш боюнча жолугушуулар үчүн да, сонун кечеге баруу үчүн да идеалдуу тандоо, «Жаркыраган Коралл» – эстен кеткис таасир калтыруучу түс«Коло Терракота» – каныккан түс менен жылтыроонун айкалышы.