Макияждын жардамы менен бетти коррекциялоо

Бул эмне? Бул эмне үчүн керек? Жана ушул ар түрдүү түстөгү бардык бьюти-буюмдарды кантип колдонуу керек? Биздин эксперттер азыр баарын өз ордуна коет - кара жана үйрөн.

БЕТТИН КОРРЕКЦИЯСЫ?
Кам санаба: бул болгону атайын продуктулардын жардамы менен беттин тонун коррециялоого (түзөтүүгө) мүмкүндүк берүүчү, макияжда колдонулуучу кесиптик техника.  

БУЛ МАГА КЕРЕКПИ?
Ким бет терисинин тегиз эместиги менен күрөшүп келсе, алардын бардыгына макияждын жардамы менен беттин коррекциясы жардам берет. Көздүн тегерегиндеги каралжын тактар, кара пигмент тактары, пост-акне же кызаргандар — ушул «кемчиликтерди » айрым түстөрдү колдонуу менен коррекциялоого (түзөтүүгө) болот. Жана мунун эч кыйынчылыгы жок!

БУЛ КАНДАЙ ИШТЕЙТ?
Техника түстөрдү айлантуу принцибинен негизделген. Алар бири бирине каршы жайгашкан түстөр бири бирин билиндирбей жокко чыгарат. Жашыл түс кызыл түстү билиндирбей салат; кызгылт түс көгүлтүр түстү жабат, ал эми сары түс фиолет түсүн жеңет. 

АЛ ЭМИ ПРАКТИКАГА ЖАКЫНДАТСАКЧЫ?
Алгач сага ылайыктуу топтом керек болот. Аны коррекциялай турган The ONE упа (пудра)-фиксаторунан  — анын түстөрү бардык абалдагы учурдан сактайт!

Макияждын алдында бет терисин суула (нымда). Коррекциялай турган продуктуларды сыйпоо үчүн консилер үчүн F05 кистти колдон — териге майда чапкылоолорду жасоо жолу менен (прихлопывающими движениями) түстөрдү туштоону жүргүз. Зарыл болсо манжалар менен жумшак майда чапкылоо жасаса болот. Аягында тоналдык каражатты сүйкө, андан кийин баарын макияж үчүн спонждун жардамы менен туштоону жайылта жүргүз. 

МЕН КАЙСЫ ТҮСТӨРДҮ КОЛДОНСОМ БОЛОТ?
Жашыл түс беттеги бардык кызаргандарды жана бетте пайда болгон безеткилерди (прыщи) жашырып жабат. Фиолет түсү — көгөргөндү же кара пигмент тактарын жашырат. Ал эми сары түс — көздүн тегерегиндеги каралжын тактарды жана ал тургай бир аз кызаргандарды жашыруу үчүн да эң сонун тандоо болот. Сен көздүн тегерегиндеги зонаны агартуу жана көгүлтүр түстү билгизбөө үчүн кызгылт түстөрдү да колдонсоң болот. Мына ушундай колористика!

 

 

Текст: Сүрөт: Oriflame