Мезгилдин эң модалуу майрамдык макияжы болгон кызыл түстөрдөгү смоки айсты жаса.

Бул жылы кызыл түс майрамдык мезгилдин негизги түсү болуп калды! Сөз бир гана балатынын оюнчуктары жөнүндө эмес. Биз 2021-жылдын эң модалуу макияжы -терракот, коло жана кызыл түстөрдө жасалып, сонун кара кирпиктер менен толукталган смоки айс жөнүндө айтып жатабыз.

Бул тайманбас эсте кала турган образды жаратууга бизге швед жана эл аралык компанияларда, журналдарда жана мода үйлөрүндө иштөө боюнча көп жылдык тажрыйбасы бар визажист – Jeanette Törnqvist (Жанетт Торнквист) жардам берди. Съемка учурунда Жанетт THE ONE Hypnotic Depth жаңы тушун колдонуу менен кызыл түстөрдө сонун смоки айс жаратып, бул макияжды өз алдынча кантип кайталаса болорун айтып берди.

Кызыл смоки жасоонун сыры эмнеде?
Жайып боёо жана дагы бир жолу жайып боёо. Биз тандаган түстөр биздин моделдин көк көздөрүн баса белгилейт. Бирок сен тери түсүнө, көздүн түсүнө жана жеке тандоолорго жараша башка түстөрдү колдонсоң болот. Бирок, түстөрдү катмарлоо принциби өзгөрбөйт. Келгиле, процессти толук карап чыгалы. 

Ишенимдүү базаны камсызда
Өзүңө ылайыктуу тоналдык негизди колдон. Бизге THE ONE Everlasting Sync Foundation SPF 30 жана ошол эле сериядан THE ONE EverLasting Precision Concealer,  консилери өзүнүн туруктуулугу жана ишенимдүүлүгү менен жагат: алар менен макияж күндүз да, кечинде да кынтыксыз көрүнөт. Тендин алдына праймер сүйкөп, андан кийин тоналдык негизди сүйкөп, кемчиликтерин консилер менен оңдо. Бетке көп косметика сүйкөөнүн кереги жок, анткени негизги акцент көзгө жасалат. Эми сен чынында сыйкырдуу майрамдык макияж жасоого даярсың!

 

Көздүн тышкы бөлүгүн эң күңүрт түс менен боё
Биринчи кезекте көздүн тышкы бурчуна «Бургунди» түсүндөгү THE ONE Colour Unlimited Eyeshadow  крем тень-карандашын колдон. Макияж жасоонун ар бир стадиясында кылдат жайып боео профессионалдуу деңгээлде натыйжага жетишүүгө жардам берет. Бул этап дагы ушуга тиешелүү. Биринчи кабактын суурмасына, андан кийин ортосуна жумшак кисть менен тенди кылдат жайып боё. Сенин максатың – градиент эффектин алуу жана так четтерин жумшартуу. Ар дайым жайып боёп турууну унутпа, анткени туруктуу крем текстуралары тез бекийт. Эгер сен түстү мурдагыдан да каныктырууну кааласаң, экинчи катмарын кошууга убакыт келди.

 

Ачыгыраак түстү кыймылдуу кабакка сүйкө.

 Жанетт «Ачык кызгыл сары» түстөгү THE ONE Colour Unlimited Eyeshadow  тень-карандашын колдонду. Четтерин жумшак кисть менен жайып боё. Түстү ачыгыраак кылуу жана крем тенди бекитүү үчүн үстүнөн ошол эле түстөгү кургак тень менен боёп койсо болот. Кирпиктердин алдыңкы сызыгы менен эн күңүрт түстү кош. Визажист биринчи этапта колдонулган «Бургунди» түсүн тандады. Эми бардыгын кисть менен жайып боё.