Баарыбыз билүүбүз керек болгон визажисттерден 6 лайфхак

Тушь бардык айымдар колдонгон нерсе болуп саналат, мында эч кандай кыйынчылык жоктой сезилет. Бирок, биз визажисттерден бул жөнүндө сурап, көп жаңы нерселерди билип алдык. Сенин тушь менен болгон мамилеңди жаңы деңгээлге көтөрө турган 6 лайфхак бар.

Азыр темага кирүү үчүн идеалдуу учур: анткени, биз бетибиздин үчтөн бир бөлүгүн жапкан бет кап кийүүгө аргасыз болуп жатабыз! Эмнеси болсо да, бул сырлар барык учурларда пайдалуу болот. Төмөндө көздү кантип чоңойтуу керек экендигинен баштап, тушту күн бою кантип туруктуу кылса болооруна чейин 6 лайфхак менен бөлүшөбүз.

Лайфхак #1: көздүн алдына эки катмар упа сүйкөө
Боёо учурунда тушь кабакты булгайт. Буга жол бербөө үчүн эл аралык деңгээлдеги визажист Джо Аденуга алгач көздүн тегерегин упалоону сунуштайт: «Кирпиктерге өтөөрдөн мурда түссүз убаланма упа сүйкөп фиксациялоочу спрей менен. бекемдеп ал. Эгер тень колдонсоң, кабакка арналган праймерди унутпа. Ал дагы тушь менен булгануудан коргойт».
Упанын дагы бир жакшы жагы: эгер күн ичинде тушь түшсө, аны оңой эле кисть менен тазалап койсо болот. Же дароо THE ONE IN ACTION ачык көз караштын эффектин берүүчү туруктуу тушун колдон, анын өзгөчө формуласы айланасын булгабайт.

Лайфхак #2: сууга туруктуу тушь — сырдуу курал
Кирпиктериңди ийип койсоң эле, алар эч кандай кирпик кошуусуз же чапталма кирпиксиз эле, дароо абдан көлөмдүү болуп көрүнүп калат. 
Кёрлерди кирпиктердин түбүнө жайгаштырып, басып, учтарына карай өйдө жылдыр. Бул өтө амалдуу эмес манипуляция веер эффектин жаратат. «Ийилген кирпиктер бир күн бою сакталышы үчүн эмне кылыш керек?» – деп сурашың мүмкүн. «Кирпик ийгичти колдонуудан кийинки маанилүү учур: сууга туруктуу тушь колдон. Ал, кирпигиң табиятынан түз болсо дагы, ийилүүнү мыкты бекемдейт», — дейт Лондондук жылдыз визажисти Афина Эфстатиоу.

Лайфхак #3: көбүрөөк болгону ар дайым мыкты эмес  
Туштун катмары канчалык калың болсо, көздөр ошончолук ачык болот деп ойлошубуз мүмкүн. Бирок, кээде, канчалык аз болсо, ошончолук жакшы. 
«Макияжды үстүңкү кирпиктериңен башта, анткени кээде бул ачык көз караш үчүн жетиштүү болот, — деген кеңешин берет Джо Аденуга. — Астыңкы кирпиктериңе азыраак түшь колдон, анткени, анын көптүгү көз карашты оорлоштурат». 

Лайфхак #4: кирпиктерди жабыштырабыз — ооба-ооба, атайын!
Куурчак көз карашы – оңой жетиле турган дагы бир актуалдуу эффект. Аны башкача «жөргөмүш буттары» деп да аташат: кирпиктер бири-бирине калың болуп жабышып турат. 
Алгач тушту бир нече катмар кылып сүйкөп, андан кийин кирпиктерди искектин жардамы менен бириктирип кой. «Көздүн ички бурчунан тышкы бурчуна жылыңыз. Ошондо сиз бириккен кирпиктерди бузуп албайсыз», — дейт Джо Аденуга. 

Лайфхак #5: щетканын учун ийип ал
Көздүн ички бурчтарына жетүү кыйын болуп жатабы? Анда бул идея сен үчүн. Щетканы этияттык менен кармагычына карай 90 градуска бур. Вариант катары эски туштун щеткасын алып же бир колдонмо аппликаторлордун топтомун сатып алсаң болот – эгер сен муну туштун өзүнүн аппликатору менен кылсаң, щетка кайра түздөлбөй, аны кайра идишине сала албай калышың мүмкүн. 

Лайфхак #6: түптөрүнөн учуна карай жыл
Кирпиктердин түбүнөн өйдө карай жыл. Аларды узундугу боюнча боёп, көздүн тышкы бурчтарын дагы боё. 
«Максималдуу көлөм жана узундук алуу үчүн, щетка менен тароочу кыймылдарды аткар», — дейт Афина Эфстатиоу. 

Текст: