Чачтар үчүн үйдөгү спа-салон

Денеге спа-процедураларын кантип жасоо керектигин биз мурда сиздерге айтканбыз. Ачаланып, сынууга жакын жана кургак чачтар үчүн салондун процедурасына кандай карайсыз? Эң сонун!

Бул сөзсүз түрдө чачтарачка баруу керек дегенди билдирбейт. Сен чачтарыңды үйдүн шарттарында деле жакшы абалга келтире аласың. Сага чачтарга камкордук көрүү үчүн жаңыртылган HairX  линейкасы жана 15-20 минут гана убакыт керек. Бул бир топ эле тез боло турган убакыт, туурабы?

1. ШАМПУНЬ ЖАНА КОНДИЦИОНЕР

Бардык салондук процедура тазалоодон башталат. Баштын терисине КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮЧҮ ШАМПУНДУ куюп ал, аны көбүрт жана бир нече минута массаждоо кыймылын жаса. Андан кийин шампунду жылуу суу менен жууп сал, чачтарды сүлгү менен басып суусун бир аз сиңирип ал жана калыбына келтирүүчү КОНДИЦИОНЕРДИ колдон. Аны чачтардын учтарына сүйкөө керек — себеби чачтардын учтары анын эң жабыркаган бөлүгү эмеспи. Бир-эки минута күтүп тур, андан кийин кондиционерди жылуу суу менен жууп сал.

2. АЗЫКТАНДЫРУУЧУ МАСКА

Чачтардын кургактыгы, сынышы, учтарынын ачаланышы, алсызданышы, түшүшү, күңүрттүгү жана чачышып калуусу – ушулардын бардыгынан арылууга атайын каражаттар жардам берет.МАСКАДАН  баштайлы.Каражатты колго бир аз куюп алып, аны алаканадарыңа сүртүп, аны чачтардын бүтүндөй узундугу боюнча бөлүштүрүп сүйкө. Андан кийин каражаттын ашыкчаларынан (аларды чачтын учтарына кошумчалап сүйкө) арылуу үчүн чачтарды ТАРАК менен тара, жана башыңа СҮЛГҮ-ТЮРБАНды кий. Эми тынч алып отурууга убакыт келди! Масканы чачтарыңда 5-1- минутага калтыр, андан кийин жылуу суу менен дыкаттап жууп сал.

3. ЖАНА ЧАЧТАРДЫ ТАРА
Чачтарды кургак сүлгү менен басып суусун бир аз сиңирип ал жана аларды ЧАЧТАР ҮЧҮН ЩЕТКАНЫН жардамы менен чачты тара. Ушундай классикалык щетка чачтардын чачышканын жазууга жана кургатууга жардам берет. Андан кийин чачтардын түзүмүн бекемдөө жана аларга жылмакайлыкты берүү үчүн КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮЧҮ СЫВОРОТКАНЫН  2-3 тамчысын сүйкө.

4. ТУУРА КУРГАТ

Чачтар эми кургатууга даяр. ЧАЧТАРДЫ ЖАСАЛГАЛОО ҮЧҮН ТАРАК фенди колдон: сейрек щетинкалары жана узун тиликтери чачтарды жасалгалоону жеңилдетет жана тезирээк жасалат. Ушундай болгондо чачтар ысык абанын терс таасирине азыраак дуушар болушат.

5. КОРГООЧУ СЫВОРОТКАНЫ СҮЙКӨ

Эгерде сенин чачтарың кургак жана сынууга жакын болсо, анын учтарына сыворотканын кошумча порциясын сүйкө. Фитонутриенттердин комплекси менен HairX чачтар үчүн жууса кеткис СС-КРЕМин колдонуу менен чачтарга камкордук көрүү боюнча спа-камкордукту аякта. Ал чачтарга толук кандуу камкордукту, чачтардын саламаттыгын жана сулуулугун камсыз кылат, чачтарды жасалгалоону жеңилдетет. Жеңил текстурасынын жардамы менен чачтарды оордошпойт жана күндөлүк камкордук көрүү үчүн ылайыктуу келет.

Мына ушундай! Эми сен үй шарттарында чачтар үчүн спа-камкордук көрүүнү кантип түзүү керектигин билесиң.

Текст: Сүрөт: Oriflame