Деңиз чачта: нымдуу чачтар кайрадан трендде!

Бул жайда чач жасалгаңды ар башкача кылуунун 3 ыкмасы

Нымдуу чачтардын эффекти менен менен чач жасалгасы кайрадан кайтып келүүдɵ. Жана бул логикага дал келет, анткени мода циклдик жана нымдуу чачтын эффекти ар кандай болот! Бул чач жасалгасынын популярдуулугунун себептеринин бири - аны үйдө оңой эле жасоого болот.

Бир аз аракет менен чач жасалгасы стилдүү жана жакшынакай көрүнөт, образды толуктап, ага тайманбастыкты жана өзгөчө маанайды кошот. Жайында нымдуу чачтардын эффекти, айрыкча, жеңил макияж менен айкалышканда, абдан актуалдуу болот. Бирок кышында биз мындай чач жасалгасын сунуш кылбайбыз - суук мезгилде нымдуу чачтар күлкүлүү көрүнүшү мүмкүн.

Кара чачтын ээлери үчүн мында жасалга эң ылайыктуу, анткени кара түстөгү чачтар табигый жаркыроого жана каныккан түскɵ ээ.

Ачык түстүү чачтын ээлери бул эффектти жаратуу процессинде этият болушу керек: эң негизгиси көбүктү жана лакты ашыкча колдонбоо керек, болбосо чачтар кам кɵрүлбɵгɵндɵй кɵрүнүшү мүмкүн.

Эгер сизин чачыңыз кызыл болсо, анда сиз үчүн чогултулган же түйүлгɵн чачтар актуалдуу болот.

Нымдуу чачтын эффекти кыска чачта да сонун көрүнөт. Каре нымдуу жасалга менен өзгөчө кооз боло алат. Чачка көбүктү сүйкөп, артка тароо керек. Сиз ошондой эле чачты бир капталынан бɵлүү менен эксперимент жасасаңыз болот. Бул вариант, өзгөчө, капталга кеткен кɵкүлү барлар үчүн жакшы. Ошондо чач жасалгасы мүмкүн болушунча жөнөкөй жана туруктуу болот. Узун чачтар үчүн эң жөнөкөй чач жасалгасы – бул ɵрүп, же түйүп байлоо. Бул вариант бир гана таза чачтарга колдонулбайт. Бул чач жасалгасы чач ɵтɵ таза эмес болуп, бирок жууга, кургатууга жана жасалгалоого убакыт жок болгон учурда жардамга келет.

HairX StyleSmart колдонууда абдан оңой болгондуктан, маанайга же күндүн убактысына карабастан, каалаган кырдаалда чач жасалгалары менен эксперимент кыла аласыз. Ɵнүмдɵрдүн курамында чачты коргоп, азыктандырып, натыйжада чач жасалгасын 24 саатка чейин сактоого жардам берген Pro-vitamin B5 бар.

Эми мен сизге нымдуу чачтын эффекти менен 3 актуалдуу чач жасалгасын кантип жасоону айтып берем.

1. Колуңузга муссту алып, кургак чачка сүйкɵңүз. Каражатты минималдуу көлөмдɵ алып, зарылчылыгы боюнча бир аздан кошуңуз.

2. Көлөмгө жетүү үчүн, бир тутам чачыңыздын түбүн кичинекей тиштери бар тарак менен тараңыз.

3. Чачыңызды колуңуз менен артка сылап, лак чачыңыз.

4. Акыркы кадам катары жалтыраткыч спрейди колдонуңуз. Үстүнө булут кылып чачып, ɵнүм чачка жайгашмайынча күтө туруңуз.

1. Алгач муссту чачтын түбүнɵ жана бүт узундугуна сүйкөңүз. Тарак менен жакшылап тарап, ɵнүм сиңип, бир аз кургаганча күтүңүз.

2. Чачыңызды төмөн жакка чоймо менен байлап, чачыңызды түйүңүз.

3. Түйүлгɵн чачты чач сайгылар менен бекитиңиз. Ар кайсы тараптан кичинекей тутам чачтарды чыгарып койсоңуз болот.

4. Жылтырак жабууну жаратып, чачты ультрафиолет нурунан коргоо үчүн жылтырак спрейди себиңиз.

1. Түз чачтын ээлери плойканын жардамы менен тармалдардын багытын биринчи оң тарапка, андан кийин сол тарапка кылып кезектештирип, чачтарыңызды тармалдатып алыңыз.

2. Колуңузга чач жасалгалоого арналган муссту алып, колуңузду учтарынан түбүнɵ карай жылдырып, чачыңызды кысыңыз.

3. Ар бир тутамды жасалгалап, эгер кааласаңыз, чачтардын бир капталын артка алып коюңуз. Чачтарды түбүнɵн баштап аягына чейин лак менен бекитиңиз.

4. Жаркыратуу жана узакка чейин бекемдɵɵ үчүн, жалтыраткыч спрейди себиңиз.