Буюмдарды сатып албай, таасир калтыр
Биз өткөн-кеткенди эстеп көп капа болуп же келечек жөнүндө кыялданып жүрүп башкы учур – бул жер жана азыркы учур жөнүндө унутуп калабыз. Бул мезгил менен бирге ырахаттангыла! Эки күндөн кийин унутта кала турган көнүмүш белектердин ордуна эмоцияларды тандагыла. Эки кишиге спа-күн уюштуруп, шаар ичинде квестке барып же автоунаа менен кийинекей саякатка чыгып келгиле. Эӊ мыкты элестер сөзсүз түрдө эле капчыкты бошотпостон, көп жылдарга чейин жан дүйнөнү жылыта алат.
Музыкага ишен
Түгөйүӊ эмнени сүйөт? Аяздуу гүлбакта чуркоонубу, бир чыны чай менен коштолгон жайлуу кечтердиби – а балким бир нече саат бою автоунаа оӊдогонду болуп жүрбөсүн? Ылайыктуу музыкалар менен плейлист топтоп бер, ал сени эстеп турсун. Эгер силерге жаккан өзгөчө ыр бар болсо, аны да кошуп кой – анда кокустан жагымдуу элестер пайда болот.
Эрежелерди унут
Эгер силер көптөн бери кандайдыр бир өзгөчө окуя жөнүндө кыялданып жатсаӊар, анын мезгили келди! Шарап менен сүрөт тартууга баруу, жылуу мезгилде парашют менен секирүүнү же банджини же татуировка жасатууну пландоо (сөзсүзжуп болушу шарт эмес!). курч эмоцияларды бирге башыӊардан өткөрүү менен силер мындан да жакын болосуӊар.
Жытынан тааны
Жыт сезүү эмоциялар жана элестер менен тыгыз байланышкан – анда сүйүүӊөрдүн символу катары мырзалар жана айымларга арналган жуп жыпар жыттарды тандасаӊар сонун эмеспи. Lost in You жыпар жыттарын бирге колдонгула: имбирдин ачуу ноталары менен тонка бобдорунун гурмандык жылуулугунун айкалышы өзүнө тартуучу, энергиялуу аккордду жаратат, аны биз «Жүрөктөрдүн биригиши» деп атадык. Эгер силер бирге жашасаӊар, жуп бөтөлкөлөр текчеде бирге сонун көрүнөт.
Тармакка чөмүл
Санариптик кылымда сүйүүнү тезнологияларсыз элестетүү кыйын: лайктар, пикирлер, сүрөт жана сторис биздин күнүмдүк жашообуздун бир бөлүгү болуп калды. Тармакта өз сезимиӊди билдир: бирге түшкөн сүрөт менен жүрөктү козгогон пост жарыяла, түгөйүӊө ыр, стористердин бир сериясын же болбосо тикток арна!
Уникалдуу нерсени изде
Ар би радам ресторанда стол ээлей алат – муну баары эле кылат – бирок мындай кечтин эмнеси өзгөчө? Шаардын негизги көчөлөрүнөн алыс чыгып, өзгөчө ашканасы менен кичинекей жайлуу ресторан издеп көргүлө – ал бир гана экөөӊөр үчүн сырдуу жер болуп, жаӊы сезимдерди тартууласын.