Чачышып таралбаган чачтарды кантип оңдоого болот

Чачтар чачышып таралбай, жакшы жасалбай жана учуп чачылып турабы? Мунун баары өтө кургак же жабыркаган чачтарга тийиштүү келет, бул алардагы протеиндин жана майлуу кислоталардын жетишсиздигинен пайда болот. Чачтар нымдуулугун жоготкондо кутикула, же чачтардын сырткы катмары бошошуп калат, анын натыйжасында чачтар электрлешип, ток ургандай болуп көрүнөт. Аба-ырайынын нымдуулугу чачтардын абалын начарлатат. Чачышып таралбаган чачтарды кантип оңдоого жана абалды контролго алууга болоорун айтып берели.

1. ШАМПУНЬ ЖАНА КОНДИЦИОНЕР
Алгач, чачышып таралбаган чачтарды жылмалап оңдоо үчүн атайын иштелип чыккан ШАМПУНЬ жана КОНДИЦИОНЕРди  ал. Мисалы, жибек протеини менен HairZ Frizz Control сериясынан алсаң болот. Ал коргоочу микропленканы түзүүгө жардам берет жана чачтарга ийилчектикти, жылмаланууну берет жана таралышын жакшыртат.  

2. ЧАЧТЫ ТУУРА ТАРАК МЕНЕН ТАРОО  
Шампунь жана кондиционерден кийин чачтардын бир аз кургашына мүмкүндүк бер, андан кийин чачтарды МАССАЖ ЩЕТКасы менен акырын кылдаттык менен тараңыз. Нымдуу чачтар сынууга көбүрөөк жакын болот, ошондуктан эки шартты сактоо керек: жумшак "массаж" жана чачтардын сүлгү менен кургатуу керек.  

3. СЫВОРОТКА
Кийинки кадам – тармал жана туура жасалбаган чачтар үчүн жылмалоочу  СЫВОРОТКаны чачтарга сүйкө. Ал жеңил формулага ээ, ошондуктан ал чачтын жасалгасын оор кылбайт, ысыктан жана жогорку нымдуулуктан коргойт, ошондой эле чачтардын түшүүсүнүн алдын алат. Сыворотканы колуңдун алаканына 2-3 тамчы куюп алып, аны эки алаканыңдын ортосунда жайылта сүйкөп, чачтардн узундугунун ортосунан тартып учуна чейин бөлүштүрө сүйкө. Андан кийин жууба, бул маанилүү!

4. ҮЙЛӨТҮҮ ТЕХНИКАСЫ
Ошентип, чачты жасалгалоого бардыгы даяр. Эми сага СКЕЛЕТ тарак  керек. Алар аба агымдарынын эркин айланышын камсыз кыла турган тарактын сейрек жайгашкан учтарынын жана алардын узундугуна жараша чачты жасалгалоо көп убакытты талап кылбайт. Мындан тышкары, мындай тарак чачтарды жабыркоого учуратпай, кыска жана орто узундуктагы чачтардын чачышканын, кылдаттык менен чачышын жазууга жардам берет. Чачтарды скелет тарагы менен өйдө көтөрүп кармоо менен аларды орто температурага коюу аркылуу кургат. Ушундай жасоо менен сен чачтын бузулушунан жана чачышынан алыс болосуң.

5. ЖАНА КОРГООЧУ СПРЕЙ

Дээрлик даяр! Сенин чачтарыңдын байма-бай көрүнүшүнө эч бир аба ырайы тоскоол болбошу үчүн коргоочу спрейди сүйкөө гана калды. Бизге ЧАЧТАР ҮЧҮН HAIRX МУЛЬТИФУНКЦИОНАЛдуу СС-СПРЕЙИ  жагат. Бул чачтарды айлана-чөйрөнүн терс таасирлеринен коргойт, антистатикалык таасирди камсыз кылат, чачтын түшүшүн азайтат, чачышкан чачтардын таралышын жеңилдетет.

Текст: Сүрөт: Oriflame