Күнү бою кантип сергектикти сактап калууга болот

Чынында, бир күндүн ичинде денедеги жагымсыз жыттын пайда болгон себеби, бул тердөө эмес, а дененин үстүнкү катмарында жашаган миңдеген бактериялар болуп саналат. Жагымсыз жаңылык: биз тердебей кое албайбыз, тердебесек бул биздин ден соолук үчүн коркунучтуу болуп калмак. Жакшы жаңылык: күнү бою сергектикти сактап туруу, бул толугу менен реалдуу!

Пахтадан жасалган кийимдерди кий. 
Нукура табигый кездемелер денеге жагымдуу гана болбостон, ал айлана-чөйрө үчүн да коопсуз: синтетика кездемелеринен айырмаланып, алар теринин дем алуусуна да мүмкүндүк берет.  Полиэстер болсо, күнөскананын (парник) натыйжасын берет, анда бактериялардын көбөйүшү тездейт  — андагы тердин жыты ал кийимди жуугандан кийин да кетпеши мүмкүн. 

Ошол замат душка түш
Ысык душка түшүу жана анда узак убакыт түшүү, табигый тоскоолду бузуу менен терини кургатып коюшу мүмкүн.  Жылуу суунун алдында бир жолу түшкөндө 1-2 минута эле жана дененин көбүрөөк тердеген жерлерин: мисалы колтуктарды, тамандарды көбүрөөк басым жасоо менен жуунууну биз сунуштайбыз. 

Душ үчүн пайдалуу ингредиенттери менен жумшак каражат керек.  Бизге душ үчүн «Кунжут майы жана магнолия» креми жана чачтар жана дене үчүн North For Men Subzero шампуну жагат.  

Туура тамактан жана сууну көбүрөөк ич
Суусуз алсыздануу, фастфуд жана кант — зыяндуу бактериялар үчүн эң сонун шарттарды түзөт. Аларга эч бир шанс бербе! Диетаңа жашылчаларды көбүрөөк кош жана суусаган ар бир учурда суу ич.  

Чачтарды жок кылып тур
Колтуктагы жүн-чачтар —бул анын үстү оорута турган бактерияларга толуп кетиши мүмкүн боло турган кошумча аянт.   Эгерде сени терчилдик көйгөйү тынсыздандырса, аларды туруктуу түрдө жок кылып туурууга аракет жаса. Сакалды алып жаткан учурда сезгич терини коргоо үчүн атайын көбүктү (пена) колдон.  
Шкафка самындын бир бөлүкчөсүн салып кой. 
Шкафты ачканда жагымсыз жытты сезесиңби? Шкафтагы кийимдерди көбүрөөк сорттоп караштырып жур: алар эскирген болсо, сейрек кийилсе же аларды жуугандан кийин да тердин жыты кетпесе, ал кийимдерди ыргытып сал. Лайфхак: Шкафка самындын бир бөлүкчөсүн салып кой, кийимдер анын жытын сиңирип алат. Эркектер үчүн сергитүүчу, көңүлдү көтөрүүчү жыпар жыттарды тандоону сунуш кылабыз — мисалы,  North For Men Subzero самынын тандап алсаң болот.
Буттун тамандары тууралуу камкордук көр
Душка түшкөндөн кийин тамандарды кургак кылып сүртүү керек, аларды нымдуу бойдон калтырба – болбосо, теринин коргоочу тоскоолдугу бузулат.  Тырмактарды кыска алып жүрүүнү танда жана алар жыттарды кармап калуучу атайын спрейлерди колдон. Бизге буттун тамандары үчүн 36 саатка чейин коргой турган Feet Up Advanced дезодорант-антиперспиранты жагат.

Дезодорантты колдон
Же антиперспирантпы? Ал так сенин көйгөйүңдү чече турган каражатты танда. Дезодорант жыттан гана коргойт, ал эми антиперспирант — жыттан жана терден коргойт. Аны уктаардын алдында колдонгон жакшы, ал ушул учурда мыкты иштейт! Биздин фавориттер:  эркектер үчүн North For Men Subzero шарик дезодорант-антиперспиранты жана  Activelle камкордук көрүүчү комплекси менен крем  дезодорант-антиперспиранты.

 

 

Текст: Сүрөт: Oriflame