Профидей жаса: Галина Ильинанын мыкты мейкап-лайфхактары

Контуринг бир гана бетке эмес, көзгө да керек – эмнеге? Ар дайым иделдуу түз стрелканы кантип чийүү керек? Орифлэймдин бьюти-эксперти Галина Ильина профессионалдуу макияждын сырларын ачып еберет – эми сен муну жасай аласыӊ.

Лайфхак #1: сурмаӊа чогулуп калбай турган консилер
Эгер макияж бир гана күн бою эмес, андан кийинки ишчара аяктаганча бузулбай турушу керек болсо, көздүн алдындагы кара тегерекчелерди туура жашырууга эки өнүм жардам берет – эми макияжыӊ бузулбайт
Биринчиден The ONE пораларды көз көрүнөө кичирейте турган праймерин сүйкө ал терини жылмалап, консилер рельефке чогулуп калбайт. Андан кийин – жашыруу үчүн сүйүктүү консилериӊди колдон. Мага The ONE каражаттары жагат: жеӊилирээк десеӊ, IlluSkin кургак териге ылайыктуу, ал эми  EverLasting — майлуу жана көйгөйлүү териге арналган. Сүйкөөнүн идеалдуу түрү — аты жок манжаӊ менен акырындан чапкылап сүйкө.

Консилер менен дагы бир лайфхак: ичке кистке алып, кашыӊды астынан чий. Кашыӊдын алды менен анын башынан учуна чейин ичке сызык чий. Ошондо анын формасы так жана тыкан болот.



Лайфхак #2: подводканын ордуна тушь
Макияжга убактыӊ өтө аз болгон учурда, сени  THE ONE Double Effect эки катар эффекти бар тушь куткарат. Узартуу үчүн щеткадан башта, ал үчүн үстүӊкү капкагын бурап, ач. Үстүӊкү кирпиктериӊди боёодо, щетка менен кирпиктериӊдин түптөрүн бир аз басып, өйдө карай зигзаг сымал кыймыл менен боё. Тушь кирпик контуру менен былжыр челине тийип, көз карашыӊ ачык болот. Толук кандуу стрелка чийүүгө убактыӊ жое болуп жатса, бул вариант сен үчүн! Андан кийин тушту жаап, алдыӊкы кеӊ капкагын ач – көлөм берүүө арналган щетканын жардамы менен экинчи катмарды боёо образды аяктап, ачыктыкты тартуулайт.



Лайфхак #3: контурингдин жардамы менен көздү чоӊойтуу!
Күнүмдүк макияжда контуринг бир гана бетке эмес, көзгө да керек. THE ONE контурингге арналган палеткасын колдонуп, көзүӊдү көз көрүнөө чоӊойтот. Бронзерди жумшак кисть менен кабагыӊдын суурмасына сүйкөп, алдыӊкы кирпик кырын баса белгиле. Кабагыӊдын ортосуна эндик кошуп, хайлайтер менен көзүӊдүн ички бурчун жалтырат



Лайфхак #4: ар учурда идеалдуу түз стрелкалар

Эгерде стрелканын тегиз жана тыкан учун тарта албай жатсаӊ, анда визиттик картаны көздүн кабагына коюп, же көздүн сырткы бурчуна скотч чаптаңыз – мында визитканын же скотчтун сызыгы кирпиктин алдыӊкы кырынын уландысы болушу керек. Учу түз, идеалдуу стрелка тартуу үчүн, трафареттин жардамы менен кыска штрихтерди жасап чий.

Жаңы үйрөнүп жаткандар үчүн, фломастерлерге окшогон подводкаларды тандоого кеңеш берем: аны менен иштөө бир топ жеңилирээк. Мисалы, THE ONE маркериыӊгайлуу аппликаторго жана каныккан кара түскө ээ



Лайфхак #5: ачык, бирок, табигый каштар
Кашыңды үлпүлдөк кылуу үчүн, аны өйдө тарап, андан кийин гана кыска штрихтер менен анын негизинен өйдө карай боё - ошондо сен табигый натыйжага жетишесиӊ. Жаңы, заманбап текстуралар менен тажрыйба жасоодон тартынба: упага айлануучу THE ONE кашка арналган крем помадасы түс берип, тез кургап, каныккандыгын табигый жыйынтыктан ачык калыӊ каштарга чейин жөнгө салууга мүмкүндүк берет.