Стробинг: жаңы контурлоо

Контурингдин ордуна стробингге карата тренд келди, ал сенин сулуулугуңду жумшактыгын жана табияттуулугун баса көрсөтүүгө жардам берет. THE ONE жаңы хайлайтеринин жардамы менен тренддик макияжды кантип жасоого болоорун билип ал!

СТРОБИНГ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Стробинг техникасынын максаты — бетке рельефти берүү жана жаркыраган, сак саламат жана табигый терини жаратуу.
Эгерде, биз контурлоо учурунда продуктунун жардамы менен каралжын кылуу (бронзер) үчүн  беттин контурун баса көрсөтсөк, стробинг учурунда белгилүү участокторду агартуу менен керектүү натыйжа алууга умтулабыз.
 

АНЫ КАНТИП ЖАСОО КЕРЕК?

1. Беттин чыгып турган участокторуна: жаактарга, мурундун кырына, каштардын ортосундагы жерге, үстүнкү эриндин галочкасына хайлайтерди сүйкө.
2. Андан да интенсивдүү болуш үчүн бирок тери али деликаттуулук менен жаркырап турса, сүйүктүү нымдаштыруучу каражат, праймер же тоналдык крем менен хайлайтердин бир тамчысын аралаштыр, андан кийин бүт бетке сыйпа.
3. Эгерде, колдор жана декольте ачык болсо, беттин жаркыраган өңүн колдоо жана анын табияттуу кылуу үчүн хайлайтерди кыр сөөккө жана ийиндерге кошуп кой.


КАНДАЙ ХАЙЛАЙТЕРДИ КОЛДОНУУ КЕРЕК?

Сага бермет сыяктуу хайлайтер керек болот, ал жаркыраган өңдү берүүдөн мурда жарыкты чагылдырып турат – ал эми бизге болсо, диск шарга окшош эмес, а теринин сергек жана сак саламат көрүнүүчү натыйжасына жетишибиз керек.

Суюк текстурага артыкчылык жаса: алар көбүрөөк табияттык натыйжаны берет, теринин текстурасын баса көрсөтпөйт жана аны менен жеңил эле окшошуп калат. Мисалы, IlluSkin технологиясы менен THE ONE IlluSkin суюк хайлайтер сыяктуу: ал жылтылдаган пудранын жана пигменттердин миксинин эсебинен терини сулуу кылып жарыктандырат.

Текст: Сүрөт: Shutterstock