Эркектердин кам көрүүсүндө эӊ көп кездешүүчү 5 ката

Комплекстүү териге кам көрүү кереметтерди жаратышы мүмкүн. Эң негизгиси - эрежелерди билип, ката кетирбөө. Же болбосо катачылыктарды анык билүү. Кел, эң көп кездешкен беш ката жөнүндө сүйлөшөлү.

1. НЫМДАНДЫРУУЧУ КАРАЖАТТЫ КОЛДОНБОО
Баары: аба ырайынан баштап сакал алууга чейин, — теринин абалына таасирин тийгизет.  Үзгүлтүксүз нымдандыруу жана кам көрүү балансты сактоого жардам берет. 1ДЕ 2 ӨНҮМҮН : нымдандыруучу каражатты да, сакал алуудан кийинки каражатты  да тандасаӊ андан да жакшы. Аны тери нымдуу кезде, жуунгандан кийин же сакал алуудан кийин дароо колдон.

2. САКАЛ-МУРУТТУ КУРГАК АЛУУ
Терини кызаруудан жана кесилүүдөн сактоо үчүн сакал-мурутту туура алганды үйрөнүп, техникасын такшалт. Эрежелерин эске салалы: терини жумшартып, бет тешикчелерин ачуу үчүн, тазаланган терини жылуу суу менен нымда. Андан кийин териңе сакал-мурут алууга арналган гель же КӨБҮКТҮ сүйкө. Бул кызарууну азайтып, сакал-мурутту жылмакай алууга жардам берет. Сакалды анын өсүү багыты боюнча алып, ар бир "ыргытуудан" кийин устараны чайкоо керек. Жакшы натыйжага жетүү үчүн, сакалды душтан кийин дароо ал: бет тешикчелери ачык болуп, сакал алуу салыштырмалуу таза жана жылмакай болот. Көбүктү жылуу суу менен чайкап, аягында ар дайым сакал алууга арналган бальзамды жана нымдандыруучу кремди колдон.  

3. ТӨМӨН СТАНДАРТТАР
Сырткы көрүнүшкө жетиштүү көңүл буруу менен тыкан эместиктин ортосундагы чек кайда? Өсүп кеткен же бир өӊчөй өспөгөн сакал баарына эле жараша бербейт. Мүмкүн, философторго жарашаар. Мурутуӊду КЫРКЫП сакалыңды ар дайым калыбына келтирип тур, маникюр жаса (досторуң кандай күлсө дагы), өзүӊө ылайыктуу чач тарачты же барберди тап (жана кулагыӊ менен мурдуӊдагы жүндөн арылууну унутпа)

 

4. ТУУРА ЭМЕС НЕРСЕНИ ТАНДОО
Ылайыктуу каражатты (башка буюмдай эле) тандоо зериктириши мүмкүн. Убакытты, акчаны жана нервди сактоо үчүн биринчи колго тийген нерсени сатып алуу коркунучу бар. Биз сени түшүнүп жатабыз, бирок ошондой болсо дагы өзүңө бир аз убакыт бөлүүнү сунуштайбыз. Жана териңе кам көрүүдө уяла турган эч нерсе жок. Бул сенин кандайдыр бир башкача адам экениӊди билдирбейт. Тескерисинче, сырткы көрүнүшкө көңүл буруу сенин комплекстери жана табулары жок заманбап адам экениңди билдирет. Күчтүү пикир: кам көрүлгөн сырткы көрүнүш жана жашоо ийгилиги – бири-бирине байланышкан түшүнүктөр. Бул эсиӊде болсун.

5.  АША ЧАППА
Сырткы көрүнүшкө комплекстүү кам көрүү - узак жол. Бирок, аша чаап кетүү коркунучу бар. Мисалы, чачка өтө көп мом сүйкөө, ага кам көрүлгөн түр бербестен, аны майланыштырат, атыр сууну бир колдонууда көп сарптоо туура эмес. Баарында баланс болушу керек. Өзүӊө эмне жарашаарын аныктап ал. Ийгилик!

 

 

Текст: Сүрөт: Oriflame