Идеалдуу кызыл эриндердин сыры

Эриндердеги классикалык кызыл түс туруктуу түрдө подиумдарда кайталанып турат жана өзүнүн актуалдуулугун жоготпойт. Ачык жаркыраган помада менен макияжды кантип кынтыксыз жасоо керектигин биз айтып беребиз.

1. Даярдоо
Даярдалган эриндерде макияж баарынан мыкты кармалып турат. Биринчи түлөп түшө тургандардан башта. Балды жана бир аз шекерди аралаштырып, эриндер үчүн скрабды үйдөн жасоого болот, ал тургай кадимки эле тиш щеткаң менен эриндерди массаж жасап койсоң да болот. Андан кийин камкордук көрүүчү интенсивдүү бальзамды   сүйкө.

2. База
Идеалдуу негиздин биринчи варианты — помаданын тонуна окшош эриндер үчүн арналаган карандаш. Ал бул түстүн көбүрөөк каныктырылышын камсыз кылат жана туруктуулугун узартат. Эгерде, сен табигый эффектисинин жана жылтырагын сактагың келсе, ачык тунук праймерди колдон: ал жайылып кетпеши үчүн анын алдын алат жана эриндердин үстүнүн тегиз болушуна жардам берет. Купидондун жаачасына бир аз хайлайтерди сүйкө, анан астыңкы эриндериңдин үстүн жалтырабаган скульптордун жардамы менен тенди кошуп кой — анда сен аларды контуринг үчүн палеткадан табасың

3. Контур 
Ушул этаптан сен бардыгын жасай аласың! Көлөм бергиң келеби? Чектен бир аз тышкары чыгуу менен контурду тарт. Аны ашкере көп кылып жибербе! Натыйжа нукура бойдон калышы үчүн карандаштын линиясынын туура кеңдиги боюнча так тартсаң болот. Сенин эриндериң көлөмү боюнча өтө айырмаланып турабы? Анда бирөөсүн контурдун сыртына чыгара тарт, ал эми экинчисин болсо — пропорцияны тегиздөө үчүн анын ичинен тартып кой.

4. Түсү жана текстурасы
Помаданы тандоодо бир чечимге кел. Классикалык крем мүмкүн болушунча нукура табигый көрүнөт: ал жакшы түстү берет, бирок ошол эле учурда эриндердин табигый текстурасын сактайт. Жылтыраган түс рельефти тегиздөөнүн жана ширелүү жылтырактын эсебинен эриндериңди жаш көрүнтөт. Бозомтук түс статустук образды берет, ал эми барқыт сыяктуу текстуранын жардамы менен ал көлөмдү берүү боюнча бардык биздин амалдарды мыкты жашырат. Учкун сыяктуу жанган бөлүкчөлөрү менен болгон помада экстремалдуу көлөмдү берет: нукура табигый натыйжа алуу үчүн аны эриндердин ортосуна гана колдон, же супер жылдыз болгуң келсе, эриндердин үстү боюнча толугу менен сыйпап кой.


5. Эрежелер тууралуу унут!
Бардык аялдар помаданы өз каалоосу боюнча өз ыкмасын колдонушат. Айрымдары кисть, колдонушат, башкалары түстү манжалардын учу менен ургулоо кыймылдары аркылуу сыйпашат, ал эми үчүнчүлөрү болсо, түз эле стиктин жардамы менен сыйпашат, бул үчүн аларга күзгүнүн деле кереги жок. Ушулардын кайсынысы туура? Сага кайсынысы ыңгайлуу болсо, ошол туура! Эгерде жыйынтыгында натыйжаң кооз жана текши түстү берсе, анда сен бардыгын эң сонун жасайсың. Эң башкысы – карандашты толугу менен жабуу үчүн эриндериңдин чегине жеткирип, бурчтарын боёп коюну унутпа. Эгерде ачык түстү тандап алсаң, анда алардын идеалдуу болушу үчүн эриндердин четтерин консилери менен болгон кисть менен боёп кетүүнү сунуштайбыз. 

Текст: Сүрөт: Oriflame