2020-жылга карата 5 бьюти-максат

Сен эмне тууралуу кыялдансаң да — спорт менен машык, smoky eyes өздөштүр жана жумасына бир жолу бетиңе массаж жаса, ушуларды жасоо үчүн мезгил келди. Жаңы жылга карата биздин бьюти-максаттардын идеялары: шыктан же жеке өзүңдү идеяларыңды ойлоп тап!

1. Кичинекей тыныгуулар

Максаттарга жетишүү үчүн айрым учурда жашоону кардиналдуу түрдө өзгөртүүнүн кереги жок. Бир күнү өзүң үчүн эң мыкты версияң менен ойгонуу үчүн кичинекей кадамдардан баштасаң, бирок аларды күнүгө жасоо жетиштүү. Мисалы, жумасына аз дегенде эки жолу саат 21:00 уктоо үчүн жатууга, организмди азыктандыруучу заттардын жетишсиздигин толуктоо үчүн кошулмаларды ичүүгө, эртең менен жана уктаардын алдында телефонду карабаганга аракет жасап көр. Танда жана аракеттен!

Биздин сүйүктүү кошулмалар: Аялдар үчүн Вэлнэс Пэк, «Астаксантин жана кара өрүктүн экстракты» комплекси.

2. Фейсбилдингге 5 мүнөт бөл
Биздин бетибизде 40тан ашык булчуңдар бар: дененин бүт булчуңдарын машыктырган сыяктуу эле беттин булчуңдарын да машыктырууга эмне үчүн болбосун? Фейсбилдингди жасап көр: ал беттин булчуңдарын тонуска келтирет, анын контурун бекемдөөгө жардам берет жана териинин чың болушуна алып келет. Бул эркектерге да тиешелүү! Интернеттен каалаган мастер-класс боюнча аны күнүгө беш минутадан жасап башта, анан бат эле айрымасын байкайсың. Кадимки эле машыгуудан кийин сен түз эле душка чуркайсың – мында да душка түшүп, жуунуш керек жана андан кийин гана өзүңдүн комплекстүү камкордук көрүүчү бардык каражаттарыңды сүйкөнүү керек. 

Биз бырыштарга каршы комплекстүү камкордук көрүүчү NovAge Ecollagen Wrinkle Power жана эркектердин териси үчүн комплекстүү камкордук көрүүчү NovAge Men кремдерди абдан жакшы көрөбуз.

3. Ичиңден башталган сулуулук
Эгерде сен өзүндүн сүйүктүү комплекстүү камкордук көрүүчү каражаттарыңды колдонуп жүрсөң, териң тууралуу камкордук көрүүнүн кийинки деңгээине өтүүгө убакыт келди. Ден соолук жана сулуулук теринин үстүнө эле аларды сыйпап коюдан гана көз каранды эмес, алар туура жашоо, тамактануу жана биздин теринин муктаждыктарын эске алуу менен түзүлгөн атайын кошмаларды колдонууга жараша да болот.  

Ceramosides™ жана брусника менен «Аква Глоу» суусунудугун ичип көр жана эки жуманын ичинде күнүгө ич.  Сенин натыйжаңтеринин нымдалышы жана жаркыраган түскө келиши.

 

4. Үйдөн SPA алуу
Биздин бетибиз дайыма көрүнүктүү болгондуктан биз ага көп көңүл бурабыз: комплекстүү камкордук көрүү, маскаларды, процедураларды жасайбыз. Эмне үчүн дененин териси үчүн да ошондой эле көңүл буруу менен камкордук көрүүгө болбосун? Бүт дененин териси үчүн кымбат спа-салондогудай сыяктуу эле жумшак назик тектурасы жана эң сонун жыпар жыты менен туздуу скрабдан башта, дене үчүн миндаль менен болгон кремди сүйкө, чоң шаарда сага ары-бери жүрүүгө күну бою жардам берген бутуңдун тамандары тууралуу да камкордук көр.  Экспериментте, каражаттарды жана процедураларды алмаштыр, бирок башкысы — жумасына бир жолу өзүң үчүн убакыт тап, бул сага өзүңдү абдан бактылуу сезүүгө өбөлгө түзөт.  

5. Ички дүйнөң тынчтыкта
Медитация бул эчак эле фильмдерден жана жылтыраган журналдардан сыткары  чыгып, биз күнүгө тишибизди жуугандай эле биздин жашоонун адаттагыдай бөлүгу болуп калган. Бул акылдын гигиенасы, ойлорубузду тартипке келтирүү жана өзүбуздүн чыныгы каалоо-тилектерибизди угууга карата болгон мүмкүнчүлүк. Медитациялар үчүн ондогон колдонмолор (тиркемелер) бар, алар, биринчи караганда, татаал искусство - биздин ар бирибизге каалаган убакта каалаган жерден жеткликтүү – ошондуктан эми актанууга эч кандай себеп жок! Ушуларды аткарсаң биз: сен өзүңдү мурдагыдан да тынч жана гармонияда сезе баштайсың, түнкүсүн тез эле уктап каласың жана түнкүсүн катуу уйкуда болосуң деген убадаларды бере алабыз.

Текст: Сүрөт: Oriflame