Эринге арналган пламперлер жөнүндө билүү керек болгон 5 факт

Эриндердин көлөмүн тез жана минималдуу күч жумшоо менен чоңойтуу үчүн, көлөмдүү эриндердин эффектин берүүчү помаданы колдон: бул көлөмдүү эриндер менен сезимтал образ жаратуу үчүн эң жөнөкөй ыкма. Эриндеди чоңойтууга арналган косметикалык каражаттар – пламперлер жөнүндө баарын билүү үчүн окууну улант!

Көлөмдүү, жылмакай эриндерден ким баш тартат? Өзүнө тартуучу эриндерге жана поамада-пламперлерге болгон мода эч качан өтпөгүдөй көрүнөт. Бирок эринге арналган пламперлер деген эмне жана алар кандай иштейт? Алар колдонууда коопсузбу? Биздин гид эриндерди тез көлөмдүү кылуу тууралуу айтып берет.

Плампер деген эмне?

«Плампер» деген сөз биздин бьюти-күндөлүк турмушубузга англис тилинен алынган plumper (to plump – толук, көлөмдүү, тоголок кылуу) сөзү аркылуу кирген. Пламперлер – бул эриндерди көлөмдүү кылуу үчүн арналган косметикалык каражаттар. Алар жылтырактар, бальзамдар, эрин помадалары сыяктуу ар кандай форматтарда чыгарылат. Пламперлердин курамына эриндерди жумшак стимулдоочу жана теридеги микроциркуляцияны жакшыртуучу ингредиенттер кирет жана алардын аркасы менен эриндер табигый түрдө көлөмдүү болуп көрүнөт.

Пламперлер кандай иштейт?

Пламперлерди өндүрүү кадимки эрин помадасын өндүрүүдөн дээрлик айырмаланбайт, бирок пламперлердин формулалары эриндерге убактылуу көлөм берүүчү активдүү ингредиенттер менен толукталган.

Биздин THE ONE Colour Stylist 1де 5 көлөм эффекти бар инновациялык эрин помадабызда Instant Plumping технологиясы колдонулат. Бул В3 витамини жана кофеин кошулган атайын гель эриндердин микроциркуляциясын стимулдаштырат. Биздин помада-пламперибизди сүйкөгөндө, ал эриндердин табигый түзүлүшүнө таасир этип, алардын бетин, көлөмүн жана толуктугун чоңойтуп, так контурларынын баса белгилейт.

Биз алдыга кадам жасап, помаданын формуласына Ultra Créme Star комплексин коштук жана ал эриндин бетинен бардык бурчтар алдында табигый жарыкты чагылдыруунун эсебинен жумшак жылтыроо кошкон жылдыз сымал бермет микро бөлүкчөлөрдү элестетет. Ошентип, сүйкөгөндө эле дароо оптикалык өлөм эффекти пайда болот – салам, сонун жаркыраган эриндер!

 

Пламперди кантип тандаса болот?

В3 витамини жана кофеин сыяктуу жумшак таасир берүүчү ингредиенттердин жардамы менен эриндерди көлөмдүү кылуучу пламперлерди изде (улам боеп турууга кимдин убактысы бар?). Жакшы нымдандыруучу помада-пламперди табууга аракет кыл: бул эриндерди жылмакай жана ширелүү кылып көрсөтөт.

Ар кандай пламперлер ар кандай натыйжаларды көрсөтөт, бири 30 мүнөт ичинде иштесе, экинчиси – туруктуураак болот. Пламперди сүйкөгөндө ал эч убакта ачышуу же оорутуу сезимин жаратпашы керек, бирок бир аз сайгылашуу сезими байкалары анык, анткени активдүү ингредиенттер микроциркуляцияны күчөтүп, иштей башташат.

Биз THE ONE Colour Stylist 1де 5 көлөм эффектин берүүчү эрин помадасын ыктыярчылар тобунда сынап көрүп, мыкты пикирлерди алдык (жана биз буга абдан сыймыктанабыз!):

«Кооз түс жана чындыгында көлөмдүү эриндердин эффектин берет! Сунушайм!»

«Аны менен менин эриндерим көлөмдүү жана ширелүү болуп көрүнөт!»

«Помада нымдандырып, узакка сакталат!»

Помада-пламперди кантип колдонуу керек?

Кадимки помада сыяктуу таза эринге сүйкө. Купидон дугасынын борборунан баштап, эриндердин бурчтарына карай жылып бое. Боеп жатканда сайгылашуу сезими пайда болорун эсиңе ал: демек, помада иштеп, микроциркуляцияны стимулдаштырып жатат. Сайгылашуу деңгээли ар кандай болушу мүмкүн – анткени ар бир эрин уникалдуу эмеспи!