Сенин жыпар жытыӊ — сенин эрежелериӊ! All or Nothing коллекциясын тосуп ал

Жыпар жытты колдонуу мүнөзүӊдү баса белгилеп, көп адамдын арасынан өзгөчө кыла турчу чыныгы сезимтал тажрыйба болушу мүмкүн. Мындан азына макул болбой, жаӊы All or Nothing коллекциясы менен тренддик парфюмердик техниканы кантип кайталоого болоорун билип ал.

Ар бир айым өзүнүн уникалдуулугун, демек – эркиндикти сезгиси келет. Өзүндөй болуп, өз стилин таап, жашоону сыноо – бул ар дайым баарын же эч нерсени тандооӊ керек болгон кагылыш. Орифлэймдин All or Nothing жаӊы коллекциясы ар бир айымдын уникалдуулугун анын фирмалык белгиси болгон жыпар жыттын жардамы менен белгилөөгө жардам берет. Эч кандай эреже жок — сен гана барсыӊ. Коллекцияда эки жыпар жыт бар, алардын ар бири толук кандуу, бирок аларды бири-бирине кошкондо, кайталангыс, уникалдуу үчүнчү жыпар жыт пайда болот.

All or Nothing атырларынын негизинде магнолия, малина жана ваниль суперабсолюту –  үч негизги ингредиент бар. Магнолия менен фрезиядан турган кооз гүлдесте ширелүү Primo Fiore лимону менен айкалышып, көпкө кала турган унутулгус биринчи таасирди жаратат.   Жасмин желекчелери, дамас розасынын жана курч малинанын эссенциясы кызыктуу сезимдерди жаратат, ал эми жыгач кедри жана мускус жылуулук тартуулайт. Жыпар жыттын жүрөгү — табигый Мадагаскар ванилинин эӊ белгилүү түрүнүн назик, кылдат аккорду. Мадагаскарда өстүрүлгөн ваниль суперабсолюту кылдат жыпар жыт алуу үчүн, табият тарабынан ойлонулган оптималдуу учурда камкордук менен чогултулат. Орифлэймде биринчи жолу – эфир майларынын 30%га чейинки концентрациясы, жана ошондой эле кислороддук активация технологиясынын аркасы менен атыр себилгенден кийин 6 саатка чейин баштапкы интенсивдүүлүгүн сактап турат. 

Парфюмдун флакону клатч түрүндө жасалган – уникалдуу дизайнерлик чечим. Эксклюзивдүү таӊгактагы заманбап жана стилдүү жыпар жыт – образда ар бир нерсе маанилүү болгон учур. Автору – косметика индустриясында иштөөнүн 10 жылдык тажрыйбасы бар, бразилиялык белгилүү өнүмдөр дизайнери Андерсон Сантос, ал Орифлэйм менен 2018-жылдан бери кызматташып келет.

All or Nothing Unique Accord #1 парфюм суусунун жардамы менен өз индивидуалдуулугуӊду баса белгиле. Жыпар жыттын жүрөгүндө — каймак сүт – гүл нюанстары бар жумшак мускус аккорду. Ал теринин табигый жыты менен биригип, аны күчөтөт. Фрезиянын, жасмин желекчелеринин жана пиондун жаркын ноталары жыпар жытка каймак сүт сандалы, гелиотроп жана ак жыгач менен жумшартылган назик салкындыкты берет.

Эки жыпар жытты бириктирүү All or Nothing таптакыр жаӊы чектерин ачат! Ваниль суперабсолюту жана мускустун ак гүлдөр менен айкалышы ар бир айымда ар башкача ачылып, кайталангыс аккорд жаратат. Колдонууда иретин сактоо керек: биринчи парфюм андан кийин парфюм суусу. Дал ушундай иретте айкалышуу толук кандуу жаралып, негизги жыпар жытты кооз баса белгилейт.

Атырды жана аккордду өзүнчө, же эки жыпар жытты бирге, бирок денеӊдин ар башка пульс аймактарына колдон. Ошондо сен All or Nothing коллекциясынын жыпар жыттарынын бардык чектерин ачып, өзүӊдүн уникалдуу мүнөзүӊдү баса белгилей аласыӊ