Культтук Giordani Gold шариктеги эндиктерин эмне үчүн сүйөбүз?

Бардыгыбыз курорттон жаӊы келгендей көрүнүүнү каалайбыз. Дароо салкындыкты тартуулап, бизди жаш көрсөтүүчү саламат жаркыроо аба-ырайы бүркөк болгон күндө да жеткиликтүү. Шариктеги эндик, кисттин бир-эки кыймылы менен италиялык сулуулардын духундагы макияж даяр болуп калат! Культтук Giordani Gold шариктеги эндиктерин эмне үчүн сүйөөрүбүздү жана кичинекей тегерек идиште кандай кенч жашырылганын билип ал.

Жаштык эссенциясы жана минералдар

Макияжбы же териге кам көрүүбү? Илим алдыга бара жатат, жана биз тандоо алдында уламдан-улам азыраак турабыз. Giordani Gold каражаттары бир гана түс бербестен, жаштык эссенциясы менен гиалурон кислотасынын аркасы менен кам көрөт. Минералдар менен айкалышып, ал терини жылмакай жана жумшак кылат – кармагыӊ эле келет! Курамындагы эки минерал ичтен чыгып жаткандай майда, кымбат баалуу жаркыроо берет.

Интенсивдүү түс

Giordani Gold эндик линейкасы үчүн биз дал сенин териӊдин түсүн жакшы баса белгилеген түстөрдү тандап алдык. Күчөтүлгөн пигментация, каныккан түстөр — жеӊил боёо жана табигый натыйжа үчүн! Кайсынысын тандасак? «Табигый жаркыроо» күнүмдүк колдонуу үчүн универсалдуу вариант жана баарына ылайыктуу, «Шабдаалы түстүү жаркыроого» тери түсү жылуу, бал түсүнө жакын кыздар баа берет, ал эми «Назик кызгылт түс»териси ак кыздар үчүн идеалдуу беттин кызылы жана калган кыздар үчүн жеӊил хайлайтер боло алат

Giordani Gold брендинин 45-жылдыгынын урматына биз Орто Жер деӊизинин берметин элестеткен алтын жаркыроого ээ, чектелген, өзгөчө эндик түстөрүн иштеп чыктык. Саламат жаркыроонун мындай натыйжасы – дал ушул жазда керек боло турган нерсе!


Колго жасалган 

Giordani Gold эндиктеринин жаӊы кутучасын ачып жатып, ал сүйүү менен дал сен үчүн колго жасалганына ишенсеӊ болот. Тажрыйбалууу италиялык мастерлер ар бир берметке жаркыраган пигменттерди болушунча көп кошушкан – мунун баары териӊдеги жаштык жаркыроосунан ырахат алууӊ үчүн жасалган. Өз ритуалдарыӊды жаратып, ар күнү сулуулукту белгиле!

Текст: Сүрөт: Oriflame