Чекит кой: таза тешикчелер үчүн 5 лайфхак

Кандай кылсаң дагы, алар пайда болот. Кайрадан. Кара чекиттер! Алар менен күрөшүү сурамдар боюнча бардык рекорддордон ашат: бир эле гуглдан "кара чекиттерди жок кылуу" деген 2,5 миллион жолу издөө жүргүзүлгөн. Кабыл алып, моюн сунуу керекпи - же акырына чейин күрөшүү керекпи? Муну билип алалы!

Негизги суроо: эмне үчүн?
Кара чекиттер - бул себум жана өлгөн тери клеткаларынын айкалышы, алар тешикчелерди бөртүп, кычкылтектин таасири алдында кычкылданып карарып калат. Майлуу теринин ээлери алардан ар дайым, ал эми калгандары - мезгил-мезгили менен, себум адаттагыдан көбүрөөк бөлүнүп чыкканда азап тартышат.

Тери майынын өндүрүлүүсү гормондор тарабынан жөнгө салынат (мисалы, тестостерон), демек, кара чекиттерден кутулуу дээрлик мүмкүн эмес. Жыныстык жетилүү, кош бойлуулук, менопауза, этек кир - аялдарда гормоналдык туруксуздуктун миллион себептери бар

Кара чекиттерден биротоло арылуу мүмкүн эмес экендигин түшүнүү керек. Терең тазалоодон кийин да себум тешикчелерге топтолуп, акырындык менен жаңылар пайда болот. Терини таза сактоо системалуу кам көрүү менен гана мүмкүн болот.



Кантип күчөтүп албоо керек?
Мурдуӊдагы кара чекиттердин санын көбөйтүүнү каалабасаӊ, төмөндөгүлөрдү жасоого болбойт:

1. Сыгуу
Механикалык тазалоону бир гана косметолог жасайт! Адис терини туура даярдап, булганычтарды кылдат тазалай алат. Үй гарттарында мунун бир эле натыйжасы бар – тамырлардын бузулуусу жана купероз, ал эми аны бир гана кымбат лазер менен жоготсо болот. Кара чекиттерди сыгууну токтотуп, чоӊойтуучу күзгүӊдү таштандыга сал: ал кратерлерди сенден башка эч ким көрбөйт.

2. Өтө агрессивдүү тазалоо
Себум пленка пайда кылып, тешикчелер толуп калганда, мунун баарын териден кырып салгыӊ келет. Кереги жок! Ири бөлүкчөлөрү бар скрабдар, спирт кошулган тониктер жана кычырата жууган көбүктүү каражаттар коргоочу катмарды жок кылат. Натыйжада, андан да көп себум жана кара тактар пайда болот.

3. Нымдандыруудан баш тартуу
"Менин терим өтө майлуу, дагы кремдин эмне кереги бар?" – деп айтып, жаңылышасыӊ. Майлуу тери суусузданып калышы толук мүмкүн – ал эми эгерде ал керектүү көлөмдөгү ным менен каныккан болсо, себумдун чыгышы азаят.

Макул, анда эмне кылышым керек?

1. Курамдан салицил кислотасын изде 
Балким, бул кара чекиттерге каршы күрөшүүнүн негизги ингредиенттеринин бири: ал тери үстүндөгү ашыкча себумду жана өлгөн клеткаларды, тешикчелерди толтурууга мүмкүндүк бербестен, мыкты тазалайт. Бет жуучу гельден баштап, акырындык менен  тоникти жана кремди  кош анын күчтүү таасирине көнүү үчүн териге убакыт керек болот



2. Жумшак, бирок, тереӊ эмес тазала
Ал мыкты тазалайт, кургатпайт, теринин тартылуусун жаратпай, сергитет идеалдуу бет жуучу гельдин портрети мына ушул. Түлөтүү проблемалуу тери үчүн пайдалуу, ошондуктан скраб керек - бирок өтө жумшак жана жумасына бир эле жолудан ашык эмес. Жышуунун кереги жок! Өнүмдү көбүрөөк өлчөмдө алып, катуу баспастан, этияттык менен териӊди укала. Эгерде ал кызарып жана сезгичтик менен реакция кылса, анда скрабды тери тазалоочу аппарат же кислоталуу пиллинг менен алмаштыр.

Эгерде сенин шарттарыӊа карабастан, тешикчелер толуп калса, активдүү ингредиенттер териге кире албай калат: пайда болгон кара чекиттерди тазалоо абдан маанилүү. Эсиңде болсун, колубуз менен эч нерсеге тийбейбиз, бирок, көмүр кошулган маска-пленканы үйдөн жасасак болот. Бетиӊди буулап жумшартып, сүйкөп, толугу менен кургагыча калтырып кой. 20 мүнөттөн кийин, маска толугу менен катыганда, аны акырындык менен ээктин аймагынан баштап, жогору карай көтөрүп алыңыз. Бардык булганычтар маскада калат.

Ар бир маска-пленка кара тактардан арылта бербейт: текстуранын өзүнөн тышкары, эффектти толугу менен беттин өӊүн тегиздеп, булганычтарды эритүүчү активдүү ингредиенттер берет. Курамдан түлөтүүчү эффекти бар кислоталарды жана витаминдерди изде - мисалы, Pure Skin жаӊылыгында

Кошумча кам көрүүнүн дагы бир варианты бетке арналган эки кадамдуу маска-детокс, ал карама-каршы таасирде иштейт. Адегенде тешикчелерди ачып, жумшартуучу жылытуучу масканы сүйкөп, андан кийин булганычтарды чыгарып, тешикчелерди ичкерте турган муздатуучу масканы колдоносуӊ.

3. СЖОну байкап көр (бирок бул так эмес)
Айрым нутрициологдордун жана дерматологдордун айтымында, туура тамактануу жана такай спорт менен машыгуу терини тең салмакташтырат. Тамактануу менен кара чекиттердин ортосундагы байланыш илимий жактан далилденген эмес, бирок биз күнүнө бир шоколад жегенден эч кимдин ден-соолугу чың болгон эмес деп ишенебиз (бирок чындыгында бактылуу кылса керек). Майлуу, куурулган жана таттуу тамактардан бир аз убакытка баш тартып, териңе байкоо жүргүзүп көр. Ал жакшыраак болсо – анда уланта бер.

Эмнени колдонуп көрсө болот?
Pure Skin көмүр кошулган тазалоочу маска-пленкасы тешикчелерди тазалап, кара чекиттерди кетирет, теринин майлуу жылтыроосун азайтып, аны сергитет. Курамындагы өзгөчө майдаланган көмүр упасы ашыкча себумду сиңирет. Ананас экстрактынын курамында альфагидроксикислоталары (AHAs) камтылган, алар жумшак түлөтүүчү таасирге ээ, ошондой эле нымдандыруучу табигый канттар жана С витамини күчтүү антиоксидант болуп саналат. Эгерде безеткилерден арылгың келсе, Pure Skin сериясындагы башка өнүмдөргө көңүл бур.

Pure Skin бетке арналган эки кадамдуу маска-детоксу терини түлөтүп, азыктандырат. Каолин топурагы жана нони мөмөлөрү сыяктуу тазалоочу ингредиенттер менен байытылган. Териңе детокс жасап, токсиндерден жана зыяндуу тамактын көз көрүнөө таасиринен арыл! 15 мүнөттүн ичинде масканы аркасы менен тери сергип, майлуу жылтыроосуз болуп, сезгенүүсү азаят.