Курамында: Cica же азиалык центелланы изде

Тынчтандырат, регенерацияны тездетет, жашартат жана теринин ар кандай түрүнө ылайыктуу - мунун бардыгы бир гана экстракты. Проблемалуу териге кам көрүүдөгү алмашылгыс компонент азиалык центелланын касиеттерин талдайбыз.

Центелла деген эмне?

Башка аталыштары — готу кола, жолборс чөбү, косметика таӊгактарынан cica же цика деген сөздѳр боюнча тапса болот. Бул кичинекей жана байкалбаган өсүмдүк, анын мекени Индия, Шри-Ланка, Африканын түштүгү жана Мадагаскар. Кытайда центелланы, анын өмүрдү узартуу жөндөмү себепсиз эмес деп, "жаштык фонтаны" деп аташкан.

 

Бул өсүмдүктүн кандай касиеттери бар?

Индиялык аюрведа окуусунда жана кытай элдик медицинасында центелла гипертония, ревматизм, тери оорулары жана башка оорулар үчүн сунушталган жана мээ иш-аракетин бекемдөө жана стимулдаштыруу, карылык процесстерин басаңдатуу жана мээ циркуляциясын жакшыртуучу каражат катары бааланган. Центелла –  бул A, B, E витаминдеринин, ошондой эле магнийдин булагы, ал организмдин стресстен жана баш оорулардан арылуусуна жардам берет.

 

Эмнеге териге кам көрүүнүн фанаттарынын баары центелла жөнүндѳ айтышат?

Центеллага болгон мода бизге Азиядан келген, ал жерде циканы эӊ күчтүү тынчтандыруучу жана антиоксиданттык компоненттердин бири деп санашат. Бүгүнкү күндө центелла кошулган косметика – териге кам көрүүдөгү негизги тренд болуп саналат, жана буга көп нерселер себепкер:


Регенерацияны тездетет

Центелла өзүнүн коллагенинин өндүрүлүшүн өбөлгөлөйт жана аны жок кылуучу кошулмаларды басат. Бул касиеттердин айкалышы центелланы безетки менен ооруган териге алмаштырылгыс кылат: ал эски сезгенүүлөрдөн калган тактарды жана кичинекей тырыктарды тез арада жок кылууга жардам берет.

 

Тынчтандырат

Центелла микро-сезгенүүнү төмөндөтүүчү касиетке ээ: проблемалуу териде сезгенүүнүн аянтын азайтууга, сезгич териде - кызарууларды жеңүүгө жардам берет.

 

Сергитет

Центелла экстракты микроциркуляцияны жакшыртып, теринин серпилгичтигин сактап, бет контурун калыбына келтирүүгө жардам берет.

 

Кайдан издөө керек?

NovAge сезгенүүлөргө каршы бетке арналган эмульсиясы NovAge терини тынчтандырууга, жаӊы сезгенүүлөрдүн алдын алууга жана эскилердин издерин азайтууга жардам берет. Ал сезгенүүлѳрдүн активдүүлүгүн 63%-га, ал эми сезгенүүлөрдөн калган кызарууларды жана тырыктарды 19%-га азайтат— клиникалык жактан далилденген 

 

Текст: