Түс терапиясы: жакшы маанай үчүн 4 помада

Далилделген: түс эмоцияларыбызга таасирин тийгизе алат. Аны макияжда кантип колдонсо болот?

Түс терапиясы деген эмне?

Түс терапиясы бизди күнүмдүк жашоодо курчап турган маанай менен түстөрдүн ортосундагы мамилени, ошондой эле аларга болгон эмоциялык реакцияны изилдейт. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, биздин түстөрдү кабыл алуубузда көптөгөн факторлор чоң роль ойнойт: маданий чөйрө, жаш курак, жыныс жана башкалар - бирок жеке өзгөчөлүктөр жана реакциялар дагы бар.

Түс терапиясы жаатында масштабдуу изилдөөлөрдүн бири Флори Неврология жана психикалык саламаттык институтуна таандык (Мельбурн, Австралия). Эксперимент көрсөткөндөй, пастель түстөрү (жалбыз, көгүш, кызгылт көгүш) анын катышуучуларына тынчтык тартуулаган, ал эми ачык жана неон түстөрү катышуучулардын көңүлүн көтөрүп, сүйүнүч сезимин тартуулаган. Таң калыштуу, бирок түс жада калса жүрөктүн кагышын өзгөртө алат экен!

Түс биздин маанайга гана эмес, маектешибиздин эмоцияларына да таасирин тийгизиши мүмкүн. Демек, помаданын туура түсүн тандоо сыяктуу жөнөкөй кадам да сизге пайдасын тийгизиши мүмкүн.

Помаданын түсүнүн жардамы менен маанайды кантип өзгөртсө болот?

Кызыл 
Көпчүлүктүн көңүл чордонунда болгуң келеби? Жалындаган кызыл түс сенин тандооң. Кызыл түс биздин көңүлүбүздү өзүнө буруп турары  илимий жактан далилденген. Эми анын сенин оозуңан көзүн албай караары анык!  Кызыл эр жүрөктүүлүктү, өзүнө болгон ишенимди жана чыныгы назиктикти билдирет - ошондой эле романтика жана кумар менен да байланышкан. Zoom-жолугушуу үчүн мыкты!

Кызгылт сары 
Күн түсү энергияны, позитивдүү эмоцияны тартуулайт. Эгер алдыда оор күн күтүп турса жана маанайың чөгүп турса, кызгылт сары түстөгү помада менен оозуңду боё. Айланадагылардын жылмаюусуна кепилдик берилет!

Кызгылт 
Помаданын эң эле "кыздарга жакын" жана биздин сүйүктүү түсүбүз ички абалды кандайдыр бир кереметке бөлөйт. Кызгылт түс бизди бейкапар кылат, оор күндөрдү жеңил өткөрүүгө жардам берет, жайбаракат романтиканын маанайын түзөт. Мындан тышкары, бул социалдык тармактардагы сүрөттөр үчүн эң ийгиликтүү кийим түсү - Pantone институту, Fohr кызматы жана Visit Carlsbad гидинин  биргелешкен изилдөөсүнө ылайык кызгылт түстөр колдонуучулардын көңүлүн буруп, алардын активдүүлүгүн арттырат

Нюд 
Ар бир кыздын помада топтомунда идеалдуу нюд түсү болбосо, ал толук болбойт: "бир аз жакшыртылган табигый эрин түсү" эч качан модадан чыкпайт, ал бардык образдарга ылайык келип, көрктүүлүктүн жана стилдин эталону деп эсептелет. Нюд түстүү помада өзүнө жана өзүнүн өзгөчө табигый сулуулугуна болгон ишеним жөнүндө кабар берет, жана аны башка ачык түс менен жашырбастан, баса белгилөө керек. THE ONE Colour Unlimited узак убакытка чейин сакталып турган супер жылтырабаган помададан өзүңө жаккан түстү тандап, бир күн бою кемчиликсиз баркыт сымал фиништен ырахат ал