Мени менен бирге жүр: Ыйык Валентин күнү

Алдыда сенин кыялыңдагы жолугушуубу? Эмнеден баштоо керектигин биз билебиз! Көлөмдүү чачтар, ачык кызыл эриндер, жаркылдаган көз караштар жана жыпар жыт, ушулар сөздөргө караганда көп нерселерди билдирип турат. Биздин чек-баракча боюнча жыйнал, анда сен аны так жүрөгүнө чейин багындырасың.

1-кадам: жаркылдап жанган тери
Эгерде ушул жума сен үчүн татаал болгон болсо, сенин уйкуң канбаса жана шоколаддын оруна жашылчаларды тандабаган болсоң, андан сенин териңе сергектикти кайтарууга азыр убакыт жетти. Даярдыкты сүйүктүү комплекстүү камкордук көрүүдөн башта: ал энергия кубаттуулугун тартуулайт жана териңди пайдалуу зарыл заттар менен каныктырат.
2-кадам: чачтар шампундун жарнагындагыдай сыяктуу
Чачтарды жасалгалоодо сен жаңы адам болсоң да, сенин чачтарың китептин сыртындагы кыздардын чачтары менен да атаандаша ала алат. Көлөмдөр үчүн жасалган шампунду колдон, ал чачтардын жакшы көлөмүн сактайт жана анын түзүмүн бекемдейт. Таза жана дээрлик кургак чачтарды бигудилерге ороп, 15 минутага калтырып кой: сен жеңил эле толкундуу чачтарга ээ болосуң. Финалдык штрих — жалтыратуу үчүн спрей. Көлөм, жаркыроо, калыңдык, саламаттыктын түрү — максатка жетишилди!

3-кадам: идеалдуу тон
Ошол жолугушуунун өзү — кызыл килем дорожкасынан макияж жасоо үчүн убакыт эмес. Бекем тон билинип турат: жаркылдаган натыйжасы менен жеңил, нымдуу жабуунун тандап ал. Сен таптакыр боёнбогондой эле сыяктуусуң!

4-кадам: сезгич эриндер
Кызыл помада — романтикалуу жолугушуу үчүн классика. Образыңды мындан да заманбап кылгың келеби? Эриндерде түсү гана калгандай болуш үчүн салфетка менен нымда жана назик бархат финиш алуу үчүн жука кылып упа (пудра) менен сүйкөп кой.   

 

5-кадам: мышыктын көз карашы
Стрелкалар сенин көздөрүндү азгырыктуу жана сырдуу кылып коет, анан дагы —караганда алардын чоң болуп көрүнүшүнө жардам берет. Биз суюк подводканы жактырабыз: анын өзү терең, каныккан түстү берет, аны колдонуу андай деле татаал эмес. Идеалдуу стрелкалардын техникасын каалайсыңбы? Сыры жөнөкөй эле: кандай тартсаң ошондой кылып тарт, андан кийин вата оролгон таякчаны мицеллярдуу суу менен суулап алып, формасын оңдо. Эч ким байкабайт!

6-кадам: камкордук көрүлгөн колдор

Сен менюну барактап отурсаң, ыкка көнбөгөн чачтарыңды кулактын артына оңдоп киргизип жатсаң, ал сенин колдоруңдан көздөрүн ала албайт. Кептин бардыгы кызыл түстөрдүн туура тандалышында! Эң таза жана түз сызыктуу түстү танда — биз андайды туруктуу тез кургоочу лактардын линейкасынан таптык.

7-кадам: табышмактуу шлейф
Сен — сергитүүчу жана жеңил жыпар жыттардын күйөрманы болсоң да, тобокелге барып, жана образыңа табышмактуулукту кошуу үчүн кечеге азгырыктуу, жылуу жана сезгич жыпар жытты колдонуп көрчү. Бизге Amber Elixir Mystery парфюмер суусу жагат: амбра, цитрус жана ваниль кызыл лилиянын сезгич аккордун чектейт. Эми сен сейрек кездешүүчү гүл сыяктуусуң!

8-кадам: кыска (лаконичные) акценттер
Бардык сүйүктүү жасалгаларыңды тагын, андан кийин жарымын чечип сал — мына аша чаап кетпеш керектиги тууралуу стилисттердин сүйүктүү лайфхагы. Ал эми биз бир эле комплектти: мисалы, назик түстөрдөгү сөйкөлөр жана кулон менен гана чектелүүнү сунуштайбыз. Унутулгус кечеге сен даярсың! 

 

 

Текст: Сүрөт: Oriflame