Идеалдуу тон: массаж жасоо техникасы

Таң эртеңден тарта терини ойготуу жана ага жаркыраган саламаттыктагы өңдү тартуулоо мүмкүнчүлүгүн унутпа. Бетке жеңил эле массаж жасоого болгону бир нече минута гана кетет — аны түз эле макияж жасоо учурунда жасоого болот!

Бетке массаж жасоо кандайча иштейт?
Салондогу процедуралардан кийин сенин териң эмне үчүн ушунчалык жаркыраган абалда боло тургандыгын сен качандыр бир убакта ойлонуп көрдүң беле? Бул анда атайын курамдардын болушунан гана эмес, бул аны сүйкөө процессинин өзүндө турат: массаж кандын айлануусун стимулдайт жана терини энергияга толтурат. 

Ушундай натыйжага жетишүү үчүн кесипкөй косметолог болуунун деле кажети жок: туура багыттагы жөнөкөй кыймыл-аракеттер күчтүү лимфа дренаждык таасирин берет, шишиктерди кетирет жана бетиңиздин чыңалган булчуңдарын тынчтандырып, бошоңдотот. Жеңил массаж — макияж жасоо үчүн эң сонун даярдык болот жана теринин тонун идеалдуу кылуу үчүн дагы бир өзгөчө ыкма болуп эсептелет.

Үй шарттарында өзүң жасай ала турган жөнөкөй массаж
Праймерден башта: манжаларыңдын учтары менен сүйүктүү продуктудан бир аз чыгарып ал, аны жылытуу жана текстурага ийкемдүүлүк берүү үчүн аны жайылта сүрт. Моделди көр жана аны кайтала!

1-кадам: Манжаларыңдын учтарын чыкыйга кылдаттык менен бас жана каштардын ортосундагы мейкиндиктин так борборунан мурундун капталдары аркылуу жылдыруу менен чекеңдин булчуңдарын дыкат ушалап, массаж жасап башта.
2-кадам: Эриндериңдин бурчтарынан чыкыйга чейин жылмалоочу кыймыл-аракеттер менен жаактарыңа массаж жаса.
3-кадам: Ээктин чөйчөкчөсүнүн жана ээктин алдыңкы (богоктун) айланасында жумшартуучу кыймылдар аркылуу ооздун булчуңунун тегерегин укалап, массаж жаса.
4-кадам: Моюнга көңүл бур: ээктен баштап моюнга карай багыт боюнча жеңил сыйпоо кыймылдарын жаса. 

Кааласаң, өзүңө жаккан кадамдарды бир нече жолу кайтала, жана териңдин жаркыраган өңдө болушу үчүн кийинки этапка өтсөң болот.

Сен ага татыктуу болгон байлыкка жетүү
Сен өзүңдү бош коюп, тынчтанып турасың, териң сак саламатта жаркырап турат. Эми теринин тонун тегиздөөгө убакыт келди, жана биз сенин териңе күнү бою камкордук көрө турган каражатты колдонууну сунуштайбыз. 
Giordani Gold тоналдык негиз-кушон аны катмарлап сүйкөөгө боло турган табигый жалтырабаган бозомтук жабылган катмарды берет. Дагы — курамында дароо эле жаш теринин натыйжасын бере турган ингредиенттердин бүтүндөй комплексин да камтыйт: нымдандыруу үчүн гиалурон кислотасын жана деңиз суусу, абрикос өрүгүнүн экстракты, көк чай жана ашкабак менен азыктандыруучу Skin Cherish Blend комплексин да камтыйт.

Идеалдуу тон үчүн аба мейкиндиги сыяктуу текстура  
Кушону (жаздыкча) менен ушул комплектиде аппликатор да бар, ал ушул текстураны сыйпоо үчүн атайын иштелип чыккан. Жаздыкча эртең менен колдонуу үчүн гана ыңгайлуу болбостон, ал күнү бою макияжды оңдоп туруу үчүн да ыңгайлуу. Каражатты бир аз чыгарып ал жана массаж жасоо кыймыл-аракеттерин кайтала.

1-кадам: Жеңил үзгүлтүк кыймылдар менен тонду чекеңе жана ээгиңе сыйпа.
2-кадам: Жаак сөөктөрү, бет булчуңдары жана бет сөөктөрүнүн сызыктары (линиялары) боюнча сыйпоочу кыймыл-аракеттерин жасап өт.
3-кадам: Спонжду дыкат-акырын басуу аркылуу ээкти жана ээктин чөйчөкчөсүнүн аймагын иштет.
4-кадам: Спонжду тең бүктөп, тонду көзүңдүн алдына сыйпа. Түстөрдү теңдөө үчүн тондун калдыктарын моюнга сыйпап койсоң болот. Болду, Даяр!