Beautanicals жаӊы топтомун сүйүп калууга 4 себеп

Сулуулук индустриясында жаңы аталыштар күн сайын пайда болот, бирок алардын бир аз гана бөлүгү Beautanicals сыяктуу заманбап тренддерге ылайык келет. Мунун төрт себеби бар.

Бренддердин тунуктугу — жаӊы тренд
Өнүмдөрдүн ушунчалык көптүгүнөн жана алардын касиеттери тууралуу жарнамалык билдирүүлөрдөн улам, биз косметикалык максаттарда, терибизге да, тамак-аш кошумчасында да колдонуп жаткан нерселерге өтө этият болуп калдык. Бул акылга сыярлык мамиле. Натыйжада, биз косметиканын формулаларын изилдөөгө көп убакыт коротуп, маалыматты туура тандоого аракет кылабыз. Beautanicals каражаттарынын курамдарынын уникалдуулугу, тунуктугу жана коопсуздугу баары үчүн артыкчылыктуу экени анык.

Мындан да көп табигый компоненттер
Табигый же өсүмдүк ингредиенттеринен жасалган өнүмдөр акыркы бир нече жылдан бери өзгөчө суроо-талапка ээ - алар экологиялык жана коопсуз деп кабыл алынган. Биз табигый курамы бар атайын формулаларды иштеп чыктык, алар ушул талаптарга гана жооп бербестен, ошондой эле жогорку натыйжалуулукту чагылдырат - айлана-чөйрөгө зыян келтирбестен сенин сулуулугуң үчүн эң мыктыларды тандайбыз!

Сулуулукка жоопкерчиликтүү мамиле
Биз экологиялык көйгөйлөр жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирибиз жөнүндө улам көбүрөөк ойлоно баштадык. Жаратылышка кам көрүү – бул модалуу, айрыкча Швецияда, көпчүлүгүбүз үчүн бул жашоо образы болуп калды. Экологиялык таза өнүмдү сатып алуу өзгөчө жагымдуу, ошондуктан биз кайра иштетилген материалдардан жасалган таңгактагы буюмдарды тандап, био-ажыроочу формулаларды издеп, бардык ингредиенттердин этикалык жол менен алынгандыгына ишенгибиз келет. Ошондуктан Vegan Society ™* программасында катталган бардык өнүмдөр көбүнчө биздин виш-листтерибизде турат.

Сулуулук = ден-соолук
Саламат жашоо образы курсу жана ден-соолугубуз сырткы көрүнүшүбүзгө түздөн-түз байланыштуу экендигин билүү биздин күндөлүк жашообузга тез кирип келди. Бул нерсе териге кам көрүү өнүмдөрүн жана дасторконубузда пайда болгон азыктарды тандоого таасир этет. Табигый, "таза" жана түшүнүктүү ингредиенттери бар, курамында витаминдер жана минералдар камтылган өнүмдөр. Канчалык көп болсо - ошончолук жакшы.

Скандинавиянын таза табигый ресурстарынан шыктанган жана швед дарыканасынын рецепттеринен алынган жаңы Beautanicals бренди биз абдан сүйгөн бардык заманбап тренддерге ылайык денеге жана чачка кам көрүүчү натыйжалуу каражаттарды сунуштайт!

* Вегандык коом (англ. The Vegan Society) — Улуу Британияда катталган керектөөнүн жана бүтүн эле жашоонун этикалык маданиятын жайылтууга көмөктөшүүчү кайрымдуулук уюм.

Текст: