Жаӊы мезгил —HairX чач боёктору менен жаӊы имидж

Образдарга эксперимент жасоого эӊ ылайыктуу мезгил – жаз келди. Жаратылыш жаӊыланып, биз баш кийимдерибизди чечип, биринчи жаз күн нурларына жаркыраган жана кам көрүлгөн чачтарыбызды көрсөтөбүз. Ал эми алар дал ушундай болушу үчүн туруктуу натыйжа берип, чачтарыбызга кам көрө турган боёкту туура тандап алуу керек. Өз түсүӊдү кантип издөө керек экенин айтып беребиз!

 

Баса, бул айымдардын чач боёкторуна болгон жалпы сүйүүсүн астыктаган кызыктуу статистикасы:

  ●Айымдардын болгону 15% табигый түсүн ансыз да кооз деп санашып, эч качан чачтарын боёшкон эмес;

●Айымдардын 60% чачтарын үйдөн боёшот, анткени бул арзаныраак жана ыӊгайлуураак, ал эми пандемия учурунда болсо коопсуз да болот;

●Айымдардын 30% блонд түстөрүн тандашат, анткни бул түс мырзаларга көбүрөөк жагат деп саналат;

●Кыздардын 20% аларга жаккан чач жасалгалар же түстөргө журналдардагы образдар, сүрөттөр менен шыктанышат.



Образды ийгиликтүү өзгөртүү үчүн чач боёк туруктуу натыйжа берип, чачка кам көрүшү үчүн аны туура тандоо керекHairX TruColour коллекциясында 18 түс бар жана сен өз табигый сулуулугуӊду башкалардан мыкты баса белгилеген түстү оӊой таба аласыӊ.

Кошумча түстөр төрт түс тобуна бөлүнөт: агыш, күӊүрт, кызыл, күрөӊ. Алардын кайсынысын тандасаӊ да, ширелүү жана тереӊ түскө кепилдик берилет.

Каныккан түс
Бардыгы заманбап кесипкөй акылдуу тутумда, ал чачтын көңдөйлүү жерлерин тааныйт жана боёо учурунда пигменттин бир калыпта киришин камсыз кылат.

Атайын турукташтыруучу молекулалар пигменттин чачка сиңишинин тереңдигин көзөмөлдөп, бузулган жана жабыркабаган чачтын ортосунда пигменттин бирдей бөлүштүрүлүшүнө кепилдик берет.

Туруктуулук жана кам көрүү
УФ-фильтрлери жана ак жүзүм экстракты антиоксиданттык касиетке ээ, чачты азыктандырат жана калыбына келтирет, оӊуп калуудан сактайт, ошондуктан түс 3-4 жумага чейин кошумча боёсуз ачык бойдон калат.

Зыгыр майынын аркасы менен боёк чачка жылтыроо жана жаркыроо берет. Омега-3 жана Омега-6 менен байытылган зыгыр майы чачтын сабын азыктандырып, чачтын түрпүн тегиздейт. Чач жарыкты чагылдырып, кам көрүлгөн жана жалтырак болуп, бардык узундугу менен оңой таралып, фен менен жасалгаланат. 


Колдонуудагы жөнөкөйлүк жана коопсуздук
HairX TruColour боёгу  крем сымал бир өӊчөй текстурасынын аркасы менен чачка оӊой жана бир калыпта сүйкөлүп, аларды толугу менен боёйт.

Жеӊил жана жагымдуу жыпар жыты
Боёкту тандоодогу дагы бир маанилүү фактор – бул жыт. Эгер сен чачыӊды көптөн бери боёп жүргөн болсоӊ, бир нече жыл мурда чач боёо канчалык көп ыӊгайсыздыктарды жаратканы эсиӊде болсо керек: өзгөчө чачта жана бөлмөдө узакка чейин сакталган интенсивдүү жагымсыз жыт. Бактыбызга заманбап каражаттар андай эмес! HairX TruColour боёгу болушунча табигый жана жагымдуу гүл-жемиш жытына ээ.



Эмесе, боёк тандоону карап чыктык. Эми түс тандоого өтөлү!

Бул жерде да баары болушунча жөнөкөй: HairX TruColour чач боёкторун номерлөө системасы жалпы кабыл алынган эл аралык системага ылайык келет. Каталогдогу түскө багытталуу менен чач боёктун түсүн танда. Ал табигый түстөн эӊ көбүндө 2 тонго айрымалануусуна аракет жаса

Обрати внимание: некоторые оттенки не рекомендованы для натурального цвета волос, а оттенки ‎Красное дерево, Светлый блонд, Ультрасветлый пепельный блонд и Ультрасветлый жемчужный блонд лучше не использовать при большом количестве седины.



Боёо процесси жана андан кийинки кам көрүү боюнча бир нече кеӊеш 

    1.   Процедуранын алдында башыӊды 1-2 күн жууба.Табигый липиддик каптам баш терисин жана чачтарды бузулуудан сактайт.
    2.   Курамды нускамада жазылгандан көп кармаба — мындан түс ачыгыраак же туруктуураак болуп калбайт, ал эми чачтарыӊ жабыркап калышы мүмкүн. Химиялык тармалдатуу же түздөө жасаткан болсоӊ, бир апта күтө тур.
    3.   Боёгондон кийин чачтарыӊды 72 сааттын ичинде жууба. Колористтер чачты боёгондон кийин 72 саат жуубоону сунуштайт. Эмне үчүн? Чачтын кутикуласы толук жабылып, жаӊы түстү сактап калышы үчүн. Ошондуктан боёодон кийин үч күн күтсөӊ, жаӊы түс сени узаак мөөнөткө кубаныдрат!
    4.   Ысык жасалгалоодон алыс бол. Боёлгон чачтар жылуулук менен таасир берүүгө сезгич болушат, ошондуктан фенди ашыкча колдонуудан алыс бол. Болбой эле чач түздөгүч же плойканы колдонсоӊ, эӊ аз температурага коюп, термокоргоо колдон.
    5.   Атайын серияны жана жуулбоочу кам көрүүнү колдонсоӊ алынган ачык түстү болушунча көп убакытка сактай аласыӊ HairX Colour Reviver боёлгон чачтарга атайын кам көрүү линейкасын танда, анда УФ-фильтрлер жана чачтарга жаркыроо берип, түстү жоготуудан коргогон Colour Reflection комплекси камтылган. Шампунь жана кондиционер менен чектелсеӊ, маска жана жуулбоочу кам көрүүнү кош.



Болгон кеӊештерди бердик, эми бул жазга образ тандоо калды! Жана кандай түс тандасаӊ да, HairX TruColour боёктору менен чачтарыӊ сага кубаныч тартуулап, сени сыймыктандыраарына ишен.

Текст: