Белектер боюнча жол көрсөткүч: жакындарыңын кыялдарын кантип орундатуу керек?/

Майрам алдындагы кымкуутта жакындарыңа кандай оригиналдуу белектерди тандоону билбей жатасыңы? Кабатыр болбо, белектерге биз кам көрөбүз. Сен жөн гана иштин калганын туура пландаштырууң керек. Меню жөнүндө ойлонуп, майрам үчүн кийим тандап, үйдү жаңы бышырылган печенье, мандарин, корица жана карагайдын жыттары менен толтуруп, майрамдык атмосфераны түзүүң гана керек.

Апаңа 
Апаларга өзгөчө көңүл буруу керек. Башкаларга камкордук көрүп жүрүп, апалар өзүнө убакыт таба алышпайт. Ага өз сүйүүңдү көрсөтүп, өзүн өзгөчө сезүү мүмакүнчүлүгүн бер. GG Essenza Set топтомуна кирген  бергамот, флердоранж жана тосканалык жыгачтын ноталары кошулган Giordani Gold Essenza парфюм суусу аны күнгөй Италиянын гүлбактарына алып кетет, ал эми кирпик тушу көз карашка ачыктык тартуулайт. Акыркы жыйынтыктоочу штрих болгон Gift Bag Xmas 2021 кооз белек баштыгы жөнүндө унутпа. Апаң сенин камкордугуңду көпкө чейин унутпаса керек.  


Эжеңе/сиңдиңе/карындашыңа
Кыздарды сүйүндүргөн нерсе – бул декоративдүү косметика, анткени жакшы макияж өзүңдүн креативдүүлүгүңдү билдирип, сулуулугуңду баса белгилөөнүн мыкты ыкмасы. Бирок, биз жөнүндө көбүрөөк айта турган жана образын жаркын акценти болгон парфюмердик композициялардан да баш тартпоо керек. Кувшинка жана мускустун ноталары Joyce Turquoise & Tender Mint Set топтомунун курамына кирген Joyce Turquoise атыр суусунун жеңил жыпар жытын көлдүн бетиндеги күндүн чагылышуусу сыяктуу назиктик жана нур чачыратуунун квитэссенциясын жаратат. Ошол эле топтомдогу Tender Care универсалдуу каражаты эжеңе/сиңдиңе\карындашыңа суук мезгилде зарыл болгон кам көрүүнү камсыздайт. Калемпир жалбызынын эфир майынын аркасы менен ал терини сууктан коргоого жана жумшартууга жардам берет.   


Жигитиңе/Сүйлөшкөн кызыңа
Эгер жигитиңе белек тандап жатсаң
Көпчүлүк жигиттер үчүн өздөрүнө аксессуарларды тандап алуу кыйынчылык жаратат. Көп учурда тандоо процесси күтүлбөгөн жерден пайда болот, жана ошондуктан натыйжа аны да, сени да канааттандырбайт. Жаңы жыл – сүйүктүүңдү бир дагы образ аларсыз толук көрүнбөгөн гардеробдун деталдары менен кубантуу үчүн мыкты себеп. Still Men's Watch кол сааты жигитиңе аземдикти жана элеганттуулукту берет.  

Сүйлөшкөн кызыңа белек тандап жатсаң
Сүйлөшкөн кызыңа атыр белек кылуу – ага сезимдериңди билдирүү менен барабар. Eclat атыры бул максат үчүн эң ылайыктуу. Жасмин жана сандал ноталары назиктиктин жана заманбап жөнөкөйлүктүн оригиналдуу айкалышын жаратат. Оригиналдуу белек баштыгына (Gift Bag Xmas 2021 #1 Her) салынган Eclat атырынан жана Eclat денеге арналган парфюмдалган креминен турган Eclat Femme топтому сүйлөшкөн кызың үчүн сонун белек болуп, ага сүйүүңөр жөнүндө эстетип турат. 

Атаңа 
Мырзаларга, өзгөчө атаң тууралуу сөз болуп жатса, белек издөө кыйынчылык жаратат. Дээрлик бардык аталардын бардык нерсеси бар, же болбосо алар өздөрүнүн тандоолорунда ушунчалык компромисске барбагандыктан, алар бардык нерсени эле жактыра беришпейт. Бирок мырзалар тийиштүү түрдө көңүл бурбаган нерселердин категориясы бар. Аларга кам көрүү каражаттары жана жыпар жыттар кирет. Аларды көбүнчө айымдар тандашат. Venture Power & NFM Set топтомундагы тайманбас, энергиялуу, бирок ошол эле учурда жайлуу жана жылытуучу Venture Power жыпар жыты мүнөздүн жакшылыгын баса белгилөөгө жардам берет жана ар бир атага жагымдуу болот. North For Men Subzero чачка жана денеге арналган сергитүүчү шампуну чачка эффективдүү кам көрүүдө алмашкыс жардамчы болуп берет. Аны менен атаң өзүн ар күн сайын бийиктикте сезет.  

Курбуңа 
Курбулар ар кандай болот: киножаңылыктарды көзөмөлдөп же тамак жасоону сүйгөндөр бар, бир күн дагы жаңы китепсиз жашай албагандар бар. Бирок дээрлик бардык кыздар өзүнө кам көрүүгө көп убакыт бөлүшөт. Ошондуктан Cozy by the fireplace топтому (39476 Корица жана ваниль жыпар жыттуу самын, 39471 Корица жана ваниль жыпар жыттуу кол креми, 39469 Корица жана ваниль жыпар жыты бар ванна көбүгү) топтому курбуң үчүн идеалдуу белек болот. Ага күнүмдүк кам көрүүнү өзгөчө кыла турган зарыл нерселердин бардыгы кирет. Корица, ваниль жана мускат жаңгагынын жайлуу, жылытуучу жыпар жыттары эс алып, майрам атмосферасына чөмүлүүгө жардам берет. Белекти имбирь кишинин формасындагы губка менен толукта (43126 Ginger Bread Shower Sponge) – ал курбуңа көрсөтүлгөн камкордугуң тууралуу дагы көпкө эстетип турат. 
Биздин кеңештер жакындарыңа оригиналдуу жана пайдалуу белектерди тандоого жардам берет деп ишенебиз. Бирок эскертебиз: майрам алдында убакыт ар дайым сезилгенден аз болот. Салтанатка бир нече жма калганда даярдыкты баштасаң, ар бири өзү кыялданган нерсени белекке алат. 

Агаңа/иниңе
Агаңды/иниңди атаңдай эле жакшы билесиң, бирок аны кубантуу кыйынчылык жаратат. Кандай болсо да, сен анын жакшы көрүнүүсүнө ар дайым кам көрөсүң. Анын гардеробун стилдүү жана функционалдуу аксессуар менен толуктап берсең эмнеге болбосун? Still Men’s Scarf жылуу жана элеганттуу шарфы ар бир мырзага көрк берип, кышкы сууктан коргойт. Агаң/иниң сенин бул белегиңди, өзгөчө аны кооз белек кутусуна салып койсоң, бааласа керек.