Күзгө палетка-рефилиңди жаңыла!

Палетка-рефил сага өз алдынча түстөрдүн айкалышын чогултуп алууга мүмкүндүк берет. Бирок, түстөр абдан көп болгондуктан, тандоо жасоо абдан нкыйын. Ошондуктан Oriflame’дин бьюти-эксперттери Галина Ильина жана Мария Лузинская идеалдуу күзгү палетканын эки вариантын даярдашты – блонд түстүү жана кара түстүү чачтын ээлери үчүн.

Мономакияж 2021-жылдын негизги тенденциясы бойдон кала берет. Бул тренд бир же эки окшош түстүү тендин жардамы менен макияж жасоодо турат. Мындай ачык түстүү макияж бир гана кечеге ылайыктуу эмес: аны стилдүү күндүзгү вариантка «трансформациялоого» болот. Төмөндө бир нече кеңештер жазылган:

  • Шиммери бар түстөр мономакияж үчүн абдан ылайыктуу. Аларды жумшак кисттин жардамы менен үстүңкү жана астыңкы кабагыңызга сүйкөп, четтерин жайып боеңуз.
  • Жалтырабаган түстөр бири-бири менен жакшы айкалышат. «Смоки айз» үчүн Жалтырабаган Кара өрүк (42563) же Жалтырабаган Латте (42562) сыяктуу түстөр ылайыктуу. Алардын бирин үстүңкү жана астыңкы кабагыңа сүйкөп, кыймылдуу кабакка ачык акцент катары шиммердик тендерди колдон, мисалы, Алтын Кум же Аяздуу Күмүш түстөрү.

  • Макияж көпкө чейин жакшы кармалышы үчүн, тенди праймердин үстүнө колдонуу керек. Базалык жабуу тенди тоголоктоштурбай, түстөрдү таза жана ачык кылат.
  • Зарыл натыйжа үчүн өнүмдү манжаңдын же жумшак кисттин жардамы менен кыймылдуу жана кыймылсыз кабагыңа жакшы жайып бое. Көздүн ички бурчун унутпа!

 

Жаан-чачындуу күндө да жарык берип турат: блонд түстүү чачтын ээлери үчүн күзгү палетка

Менин универсалдуу палеткамАлтын Кумдуу (33675), Аяздуу Күмүш (33673), Асыл Боз (34792), Каныккан Жез (33681), Жалтырабаган Кара өрүк (42563), Жалтырабаган Латте (42562)

  • Күнүмдүк макияж үчүн ачык саргыл түстүү блонд чачтын ээлери нейтралдуу түстөрдү тандашы керек — кызгылт (42558, 33678), саргыч-боз (33687) жана ачык сыя көк (33679), ошондой эле алтын (33675, 33677) жана күмүш түстөр (33673) ылайык келет жана аларды кечки образды жаратууга колдонсо болот.
  • Муздак түстүү блонд чачка Кара өрүк тауп (33680), ошондой эле жашыл (33682, 34790) жана күмүш (33673, 33674) түстөр абдан ылайыктуу.
  • Үстүңкү кабактын суурмасы үчүн жалтырабаган күрөң түстөрдү тандаганың жакшы.
  • Абдан күңүрт түстөрдү азыраак колдонуу маанилүү, анткени алар көз карашты жана жалпы образды бир кыйла оорлоштурат.
 

СУЛУУЛУГУҢДУ НАТЫЙЖАЛУУ БАСА БЕЛГИЛЕ: КАРА ЧАЧТУУ КЫЗДАР ҮЧҮН КҮЗГҮ ПАЛЕТКА 

Кой көздөр өзү эле жогорку контрасттуулукка ээ, ошондуктан аларды бир аз гана тень менен баса белгилеп койсо болот. Менин идеалдуу палеткам – бул Каныккан Жез, Жаркыраган Коло , Алтын Кумдуу (33675), Күңүрт Кофе, Саргыч боз Нюд жана Көмүр кара.

 

Азыр биз абдан натыйжалуу жана кызыктуу макияж схемасын карап чыгабыз, анын негизинде жез түсү турат. Аракеттердин иретин эстеп кал!

1. Алгач кыймылдуу кабактын үстүн толугу менен Каныккан Жез түсүнө боёйбуз. Бул макияжда дал ошол жез түсү көп боелуп, акценттүү болуп саналат.

2. Астыңкы кабакты орбиталдык чанакка чейин Жаркыраган коло түсү менен боёйбуз – бул түс кой көзгө көңүл бурдурат.

3. Көздүн ички бурчун Алтын Кумдуу түс менен боейбуз – бул көз карашка сергек түр берет.

4. Кыймылдуу кабактын тышкы үчтөн бир бөлүгүнө кичинекей кисть менен Күңүрт кофе түсүн боеп, макияжга тереңдик беребиз.

5. көз макияжынын контуру боюнча астыңкы жана үстүңкү кыймылдуу кабак үчүн нейтралдуу жалтырабаган түстү, мисалы, Саргыч боз Нюд түсүн колдонобуз. Мындай түстү жумшак кись менен боео маанилүү, анткени бул таза жайып боёого жана тендин тери түсүнө кооз өтүүсүнө жетишүүгө жардам берет.

6. Алтынчы кадамда кирпиктердин өсүү линиясын кичинекей кисть менен Көмүр кара түскө боеп койсо болот. Ошондо кирпиктер калың болуп, макияж аяктагандай көрүнөт.

Түстөрдүн каныккандык деңгээлин жөндөсө болот!

Ачык жана тыгыз боёо үчүн нымдуу ыкманы колдонсо болот. Ал үчүн фиксаторго бир аз нымдалган кисть менен тенди боеш керек.

Кабактын ортоңку бөлүгүнө тенди манжа менен катмарласа болот – түсү ачыгыраак болуп берилет.

Кыздар, Oriflame’дин визажисттеринен алган мындай кеңештер жана The ONE түстөрүнүн кеңири спектри менен силер сулуулугуңар менен күздү жылытып, айланадагыларды жаркын образдар менен таң калтырасыңар!