Жыпар-жыттардын жардамы менен маанайыӊды өзгөрт

Жыттар биздин гормоналдык фонубузга таасирин тийгизип, толугу менен маанайыбызды өзгөртө алат – илим тарабынан далилденген. Биз Feel Good жаӊы парфюм линейкасына белгилүү бир эмоцияларды күчөтүүчү табигый ингредиенттерди коштук – колдонуп көрүп, маанай жарат!

1. Сергектик: юдзу жана жалбыз
Япон цитрусу юзу жапайы чөйрөдө өсө алат жана -9 градуска чейинки үшүккө туруштук бере алат, ал эми анын таттуу жыты –ийне жалбырак жана гүлдөр кошулган мандарин менен грейпфруттун аралашмасы. Жалбыздын жаңы жалбырактарын кошобуз: ал күчтү калыбына келтирет, сергитет, дем берип, чарчоо жана ачуулануу менен күрөшөт. Жемиштүү таӊ үчүн коктейль даяр!

2. Позитивдүү маанай: кызыл апельсин жана куркума 
Күнгө окшогон нерселердин бардыгы бизди бактылуу кылат - жөнөкөй угулат, бирок бул иштейт! Кызыл апельсиндин ширелүү жыпар жыты сергитет, көӊүлдү көтөрөт, өндүрүмдүүлүктү жогорулатат, тынчсыздануу менен күрөшөт, оптимизм берет жана өз күчүӊүзгө ишенүүгө жардам берет. Биз ага бир чымчым куркума кошуп койдук – кытайдын салттуу медицинасында бул татымал депрессияны дарылоодо колдонулат.

3. Эс алуу: лаванда жана кедр 
Кургак лаванда салынган жаздыкчалар же аромалампадагы эки тамчы май чарчоодон арылтып, оор күндүн түйшүгүн унутуп, үйдөгү ыңгайлуулук режимине өтүүгө жардам берет. Биздин денеге кам көрүүчү каражаттарда лаванда кедр менен толукталган: анын жыты токойдо сейилдөө сыяктуу, сизди эс алдырып, оюңузду жаӊылай алат. Кедрдин жыты ички гармонияны калыбына келтирип, тынчтандырат жана чыгармачыл ой жүгүртүүнү ойготот.

4. Сезимталдык: кара өрүк и кара мурч 
Сүйүү абада учуп жүрөт! Сырдуулук жана өзүнө тартуучу атмосфераны жаратууга кара өрүк нотасы жардам берет – азыр бул сезимтал жыпар жыттардын эӊ тренддүү компоненти болуп саналат. Көптөгөн маданияттарда афродизиак болуп саналган кара мурч өзгөчө учур үчүн жаралган композицияны аяктайт.   

Текст: Сүрөт: Oriflame