Гиалурон кислотасы жана анын уникалдуу касиеттери

Гиалурон кислотасы – териге кам көрүү жаатында эң популярдуу негиздүү компоненттердин бири. Дал ушул гиалурон кислотасына нымдандыруу, анын натыйжасында, теринин жаркыроосу үчүн рахмат айтышыбыз керек. Кел, ал кайсы себептер менен сенин көңүлүңдү өзүнө бурууга татыктуу экенин билип алалы.

Гиалурон кислотасы жөнүндө эмнени билүү зарыл?

Гиалурон кислотасы – бул жөн гана кремдердин жана сывороткаларын активдүү ингредиенти эмес, теринин жана бириктирүүчү ткандардын адамдын организминди иштелип чыгуучу түзүмдүк компонент болуп саналат. Бул табигый нымдандыруучу фактордун (NMF) – теринин үстүңкү катмарынынын молекулалар комплексинин маанилүү түзүүчү бөлүгү болуп, аны нымданган, чоюлчаак бойдон калтырууга жардам берип, айлана-чөйрөнүн таасиринен коргойт. 

Гиалурон кислотасы тери үчүн эмнеси менен пайдалуу?

  • Магнит сымал ал териге нымды тартып, кармап турат
  • Анын табигый коргоочу барьерин колдоп, бекемдейт
  • Кургак жана катуу терини жумшартып, тегиздейт
  • Териге чоюлчаактыкты жана жаркыроону тартуулайт
  • Бырыштарды жазат

Гиалурон кислотасы кантип иштейт?

Гиалурон кислотасынын молекулалары өзүнүкүнөн 1000 эсе көп салмактагы нымды тартып, сактай алат. Бул зат теринин үстүңкү катмарын нымдандырып, аны жумшартып, тегиздеп, ага жибектей жылмакайлыкты жана жаркыроону тартуулайт.  Гиалурон кислотасы – бул кургак, катуу жана күңүрт теринин куткаруучусу.

NMF (табигый нымдандыруучу фактордун) компоненти болуу менен, гиалурон кислотасы тери барьеринин нормалдуу иштөөсү үчүн зарыл нерсе. Ал нымды жоготууга тоскоол болуп, теринин табигый коргоочу функцияларын калыбына келтирип, ага серпилгич жана чоюлчаак бойдон калууга жардам берет.

Күнүмдүк кам көрүүдө гиалурон кислотасы бир гана нымдандыруу жана жаркыроо үчүн гана маанилүү эмес. Бул компонент теринин бардык түрлөрү менен натыйжалуу иштейт, бирок кургак теринин ээлери үчүн өзгөчө пайдалуу болот. Андан тышкары, гиалурон кислотасы бырыштарды дароо толтуруу менен жашартуучу натыйжа берет.

Гиалурон кислотасы менен натрий гиалуронатынын айрымасы эмнеде?

Эки компонент тең теринин натыйжалуу нымдандырат. Бирок гиалурон кислотасы – бул организм тарабынан табигый түрдө иштелип чыгуучу таза зат. Ал эми натрий гиалуронаты – бул гиалурон кисотасынын тузу. Анын молекулалары кичирээк өлчөмдө болуп, териге тереңирээк кире алат.  

Гиалурон кислотасы кайсы каражаттарда камтылган?

Oriflame өнүмдөрүнүн көбүнүн курамында гиалурон кисотасы бар. Эмнеден баштоону билбей жатасыңбы? Төмөндөгү тизмедеги каражаттарды сунуштайбыз:


NovAge Ecollagen Wrinkle Power бырыштарга каршы бетке арналган сывороткасы
NovAge Time Restore бетке жана моюнга арналган жашартуучу сывороткасы
NovAge Ultimate Lift Contour Define бетке жана моюнга арналган сыворотка-лифтинги
Optimals Age Revive карылыкка каршы сывороткасы
Теринин интенсивдүү калыбына келтирүүгө арналган түнкү маска
Optimals бетке арналган патчтары