Мырзалар үчүн легендарлуу жыпар жыттар

Бул жылы Oriflame-дин мырзаларга арналган кээ бир жыпар жыттарына 10 жыл толот. Легендпрлуу өнүмдөр тууралуу айтып беребиз!

Туалетная вода Glacier 
Салкын, сергитүүчү Glacier спортко жакын жана эркиндикти сүйгөн мырзаларга туура келет. Жыпар жыт лимондун, бергамоттун жана ананастын салкын ноталары менен ачылып, арча, розмарин, эрмен жана лаванда менен жыгач жыпар жыттуу жүрөгүнө өтүп, амбра-мускус негизи менен аяктайт. Композициянын автору Филипп Бюсетон Adidas, Davidoff, Blumarine жана Van Cleef & Arpels үчүн жыпар жыттарды жараткан.

Туалетная вода Giordani Gold Man 
Бул белгилүү жыгач жыпар жыты такшалган, өзүнө ишенген, буюмдарды кылдат тандоону баалаган жана чыныгы кумарга толгон жашоо менен жашаган мырзаларга арналган. Жыпар жыт деӊиз аккордунун салкындыгы менен айкалышкан бергамоттун жана кара мурчтун ачык ноталары менен башталат. Жүрөгүндөнероли жана жасмин, алар ветивер менен сандалдын ноталары кошулган жылуу, жыгач-амбра шлейфине акырындык менен өтөт. Композициянын жаратуучусу Amouage, Carolina Herrera, Hermès, Hugo Boss, Lancome, Yves Saint Laurent сыяктуу люкс категориясындагы бренддер үчүн жыпар жыттарды жараткан Натали Файстхауэр.

Туалетная вода Eclat Homme Sport 
Укмуштуудай жандуу жана эркин элеганттуу жыгач-суу букети өзүнө ишенген тажрыйбалуу капитан сыяктуу жашоосун өзү башкарып, анын ар бир көз ирмеминен кубаныч тапкан мырзалар үчүн жаралган. Eclat Homme Sport океандын энергиясын көрсөтөт. Бергамот, мандарин жана кызгылт калемпир башында орегано менен ак зиреден турган ачуу жүрөк жыпар жытына, андан кийин замша, кедр, пачули жана мускус ноталарга ээ болгон жыпар жыттын негизине өтөт. Композицияны Le Labo, Max Mara жана Tous менен иштешкен Венсан Шалле ойлоп тапкан.

Туалетная вода Excite by Dima Bilan  
Флакондогу сергитүүчү салкындык жана токтобос сезим! Күчүн токтото албаган океан сыяктуу, бул жыпар жыт кумарды ойготуп, жүрөктөдү багындырат. Бергамоттун, коондун жана эрмендин жогорку ноталары күчтүү салкындыкты берет, ал эми кедр менен мохтун ноталары сезимдердин табигый күчүнө тереӊдикти тартуулайт. Жыпар жыт Дима Билан менен кызматташтыкта жаралган: атайын Oriflame үчүн ал Dancing Lady деп аталган ырды жазган жана ал бир гана биздин каталогубузда жеткиликтүү болгон.
Сүрөт: Oriflame