Жазгы мейкап-тренддер: эриндерге акцент жасоо

Билинбеген макияж жана эриндердеги ачык түс – дүйнөлүк подиумдардагы негизги жазгы айкалыш. Модалуу образды Giordani Gold Iconic жаӊы сатин помадасынын жардамы менен кантип кайталоо керек экенин айтып беребиз.

Идеалдуу тон 
Тоналдык негиздин жука катмарынан башта: териге ашыкча жүк кылбай, тегиз каптоону камсыз кылуу үчүн, аны  кисттин  жардамы менен же манжаларыӊ менен сүйкө. Эсиӊде болсун: канчалык азыраак болсо, ошончолук жакшы! — табигый, саламаттуу жаркыраган теринин сыры мына ушунда. Майда кемчиликтер болсо – мисалы, кызамык же алардан калган тактар – аларды тоналдык негиздин жардамы менен жабууга шашылба. Андан көрө тондун катамрын жука кылып, бир аз  консилер  кош.

Макияжды үбөлөнмө упа менен бекит. Аны сөзсүз түрдө бетиӊе толук сүйкөө керек болбойт! Негизги аймактар: чекенин ортосу, мурундун кыры, ээк жана мурундун канаттарынын жанындагы аймак.

Акценттерди коебуз
Ачык түстүү эриндерден башка макияж толугу менен байкалбас болушу керек. Кам көрүүчү курамы бар узартуучу тушту   танда – бүгүн көлөмдүн жана драманын кереги жокТабигый каштарды жаратуу максатында, каштын жетишпей жаткан жерлерин толтуруп боёп, аларды жогору карай тара. Стиктин жардамы менен кызартып, саламат жаркыроо кош: аны беттериӊе, мурдуӊдун кырына жана кабактарыӊа сүйкөп, манжаларыӊ менен жайып боё.

Акыркы штрих
Макияждын акценти — эриндердеги каныккан түс. Дал ачык түстү тандоо абдан маанилүү: кызыл, шарап, каныккан кызгылт, фуксия жана ошондой эле эриндериӊдин терисине кам көрүүчү компоненттери бар формуланы тандоо керек. Бизге жаӊы  Giordani Gold Iconic сатин помадасы жагат: ал бир кыймыл менен Pigment Oil Fusion комплексинин аркасы менен эриндерге жумшак сатиндей жалтыроону жана каныккан түстү берет. Pigment Oil Fusion комплекси тереӊуктуу түс үчүн каныккан пигменттерди жана кам көрүүчү компоненттерди камтыйт: арган майы, алма уругунун майы жана незабудка экстракты.