Norrsken жайкы коллекциясы: табияттан жаралган

Табигый жарым-жартылай асыл таштар — Norrsken коллекциясынын негизги кенчи. Ар бир жасалганы чеберлер жылмалап, колго кооздоп, ачык аквамаринден баштап кара көк содалитке жана назиык кызгылт кварцка чейинки ар кандай табигый материалдар менен иштешет. Албетте, эксперттер аларда табияттан жаралган ыйык күчтөрүн да сакташат.

Салт боюнча ачкыч билимди, күчтү жана сырды чагылдырат. Алтын түстүү ичке чынжырга тагылган назик кооздолгон кулон куб цирконийинин жалтырак кристаллдар менен инкрустацияланган жана төрт колго жылмаланган табигый аквамаринден – чындык жана ишеним ташынан – жасалган шурулар менен кооздолгон. Нейтралдуу түстөрдөгү монохромдуу кийимдер менен айкалыштырсаң, кулон образдын негизги акценти болуп берет.

Стокгольмдогу Norrsken дизайнерлеринин командасы жапайы алагүлдү, тагыраак айтканда анын терең сыя көк жана ачык сары түсүнүн контрастын сүйүп калышты. Швециянын кээ бир бөлүктөрүндө алар Night-and-Day (күн жана түн) деп аталат. «Деңиз содалити»  шурусу жана сөйкөсү эксперттердин күчтүү сезимдеринин жыйынтыгы болуп калды. Анда алагүлдүн алтын желекчелери табигый шарттарда көркөм бышкан оор кара көк содалит менен кошулган.

Кызгылт кварц түбөлүк сүйүүнүн назик ташы, жараланган жүрөктөрдү айыктырат. Ал  «Назик кварц» коллекциясынын негизги кооздугу болуп калды жана бул үчүн чеберлер кварцтын бөлүктөрүн кылдат жылмалайт. Эмнени тандарыңыз маанилүү эмес: назик шуру-чынжыр, сонун сөйкө-илмектер жана көркөм шакек, - бардык учурда ар бир таш колго иштелип, ал назик кызгылт алтын түстөгү алкакка бекитилет.

Качандыр жердин тереңинде катылып жаткан ар бир таза таштын өз тарыхы бар. Norrsken зергерлери назик табигый материалдардын табигый күчтөрүн ачып, сизге кайталангыс жасалгалардын ээси болуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт.