Norrsken зергер буюмдары үчүн биз чыныгы минералдарды тандап алып, аларды кылдат иштеп чыгып, зергер үйлөрүнүн мыкты салттарындагы фантазиялык жүздөөнүн аркасы менен таштардын табигый кооздугун сактап калабыз.
Чеберлердин чыгармачылык ой жүгүртүүсү салттуу зергерчилик формаларын - маркиз, бриолетт, классикалык тегерек жүздөө жана ультразаманбап - кабошон, диск жана шахмат түрдүү, ошондой эле минералдардын табигый кооздугун эӊ мыкты баса белгилеген фантазиялуу жүздөөнү колдонуу менен ишке ашты.
Norrsken - чеберчиликтин, мыкты мүнөздөмөлөрдүн жана айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамиленин туруктуу биримдиги. Зер буюмдардын коопсуздугу жана сапаты эл аралык стандарттарды так сактоо менен камсыздалат. Ар бир элемент алдыӊкы лабораторияларда көп баскычтуу көзөмөлдөн өтөт.
Бекем жана ийкемдүү негиз
Коргошун жана никельсиз бижутерия эритмеси өзүнүн ийкемдүүлүгүнөн жана эскирүүгө туруктуулугунан улам эң оригиналдуу дизайнерлик идеяларды ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
Жаркыраган кристаллдар
Кристаллдардын оптикалык касиеттери жана түстөрүнүн ар түрдүүлүгү аларды табигый минералдардын алмаштыргыс шеригине айландырган.
Көркөм эмаль
Колго жасалган кооз декор чыныгы көркөм чыгарманын өзгөчөлүгү болуп саналат. Эмаль ар бир жасалгага жумшак штрихтер же экспрессивдүү басымдар менен өз-өзүнчө колдонулат.
Актуалдуу текстиль
Жалтырак жабууга оролгон бижутерия текстилинен жасалган укмуштуудай ультра модалуу боолор – ачык заманбап деталь болуп саналат.
Жасалма бермет
айнек негизге сүйкөлгөн бермет пигменти өзүнүн тереӊдиги жана асыл жаркыроосу менен айрымаланган укмуштуудай седеп түстү берет.
Асыл металлдар
Родий, платина тобунун металлы, табигый кызгылт алтын, жез кошулган «жылуу алтын» түстүү жабуу – талашкыс классика жана түбөлүктүү саркечтик.
«Винтаж» эффекти менен жасалган табигый күмүштөн жасалган актуалдуу жабуулар, ошондой эле «байыркы алтын» жана «винтаждык алтын» өңүндөгү илгерки зергер буюмдары сыяктуу кооздолгон жабуулар өзгөчө көрк кошуп турат.
Жаңы капсула коллекциясы өзүнүн башкы каарманы - сага гимн ырдайт. Сенин ар бир күнүӊ өзгөчө, сулуулугуң укмуштай. Көз жоосун алган Norrsken аксессуарлары сенин өзгөчө жагымдуулугуӊду жана кайталангыс темпераментиӊдин бардык кырларын чагылдыруу үчүн жасалган. Сен айланаңа укмуштуудай дүйнөнү жаратасыӊ, ички күчүң эргүү берет, сен ар дайым көңүл чордонунда болосуӊ!