2021-жылдын жазгы тренддери Norrsken менен бирге

Жаӊы сезондо премиалдык жасалгалардын сүйүктүү брендиӊ эмне даярдап койгонун жана өз стилиӊди ул жазда кантип ар түрдүү кылса болорун билип ал.

Жаӊы сезондо Norrsken бренди дароо эки коллекцияны сунуштайт: салтанаттуу иш-чаралар үчүн сонун жасалгалар жана күнүмдүк колдонуу үчүн табигый таштар менен жасалган стилдүү аксессуарлар.

Өзгөчө учур үчүн: Norrsken Festive

Norrsken жазгы коллекциясында бул бренддеги биз сүйгөн нерселердин бардыгы көрсөтүлгөн: өзгөчө тренддүү формалар жана кырлар, асыл табигый минералдар аралашкан кум жана образ жаратуу үчүн ак сөөктүк рауттарга татыктуу толук кандуу топтомдор. Өзгөчө учурга жөн гана жасалгалар эмес, чыныгы искусство чыгармачылыктары керек. Мисалы, ачык жашыл эмаль менен капталган, алтын түстүү өрүлгөн чынжыр «жалбырактары» бар, колго жасалган шуру. Алардын биринде «маркиз» кырлуу табигый кочкул-кызыл гранат менен кооздолгон ийнелик жайгашкан. Гранат эзелтен сүйүү жана берилгендиктин символу болуп саналат. Өчүп бара жаткан көмүрдү элестеткен сырдуу таш ачык мүнөздүү айымдарга энергияны берип, өзүнө тартат. Кумардуу минерал жашоо сүйүнүчүн жана бардык жагдайлардан күчтүү сезимдерди ойготот. Өз минералыӊды таап, коллекцияӊды Norrsken жаӊы шедеврлери менен толукта!

Күнүмдүк стиль: Norrsken Everyday

Бул коллекция сени образ жаратууга бир нече мүнөткө көбүрөөк убакыт бөлүүгө күнүмдүк жашоодо да шыктандырат. Жадагалса жөнөкөй джинсы менен ак көйнөк башкача көрүнөт: сөйкө, шуру жана шакек кошсоӊ, сейилдөөдөн каалаган модалуу кечеге бара берсеӊ болот.  Norrsken стилиндеги кыз күнүмдүк асылдыкты дал ушундай көрөт: табигый минералдар, табигый формадагы ачык бекилген таш, жеӊилдик жана назиктик. Сары кварцтуу топтомду толугу менен тагынсаӊ да, образ ашыкча жүктөлбөйт, анткени бул жасалгалар жөнөкөй жана трендге ылайык. Сары кварц  — акылмандыктын жана чыгармачылыктын ташы, энергияга жана оӊ эмоцияларга толтурат. Сары кварцы бар жасалгалар алтын жазгы таӊ атууга окшош – сенин табигый сулуулугуӊдай эле жаркын жана нурлуу.

Элеганттуулуктун убагы

Биз убакытты телефондун экранынан кароого көнүп калганбыз – премиалдык саат образды дароо жаӊы деӊгээлге чыгара турган өзгөчө, кымбат баалуу аксессуардын эч нерсеге теӊелгис сезимин тартуулайт. Саат ээсинин өзгөчө табитин көрсөтүү үчүн сөзсүз түрдө эле так жана олутту болушу керек эмес. Norrsken жаӊы коллекциясынын  ийнеликтери жана крокодил терисиндей жасалган боосу бар саатты көр – алар кооз көрүнүп, жай жөнүндө кыялдарды ойготуп, ошону менен бирге, көп убакытка чейин сага кызмат кылат. Корпусу Swarovski® кристаллдары менен кооздолгон — бул дүйнөнүн алдыӊкы орундагы бренддеринин кийимдерин, зер жасалгаларын жана аксессуарларын 1895-жылдан бери кооздоп келе жаткан дүйнөгө таанымал хрусталь кристаллдары.