Эмне үчүн бардык табигый минералдар уникалдуу?

Табият – даанышман сүрөтчү, анын чыгармаларынан бирдей формаларды жана боёкторду табуу кыйын. Табигый таштар бул ойду идеалдуу сүрөттөйт. Тоо породаларынын миңдеген түрлөрү бар жана алардын ар бири өзгөчө. Бир дагы минерал башкага окшобойт, алардын баалуулугу дал ушунда. Norrsken зер бижутериясынын коллекциясында ар бир жасалга кайталангыс: жарым баалуу таштар бир топтомдун ичинде да түсү жана сүрөтү менен айрымаланат. Табигый таштын сонун өзгөчөлүктөрү жасалганы тумарга айлантып, өз тегиндеги минералдын жалгыз түсү аны тагынган адамдын индивидуалдуулугун баса белгилейт. Сенин сулуулугуң өзүңдөй эле уникалдуу. Табият кепилдик берет!

Табигый минералдар – Жердин тарыхы

Минерал – бул катуу табияттан пайда болгон нерсе, адатынча, анын курамы татаал болот. Таштар бири-биринен химиялык формуласы (бир же бир нече элементтен турушу мүмкүн), түзүлүшү (бүртүктүү, кристаллдык),тыгыздыгы (катмарланган, көңдөйлүү, монолиттүү), түсү, тунуктугу, салыштырма салмагы,  катуулугу жана бир катар башка параметрлери менен айрымаланат.

Бардык табигый таштар – бул Жердин чыныгы тарыхы. Аларда планетабыздын байыркы тарыхы катылган, ал эми минералдардын өзүнчө касиеттери анын келечегин куруу үчүн колдонулат. Бул таштар сактаган көптөгөн сырлар али ачыла элек. Бирок минералдардын сырдуу күчүнөн адамдар эч убакта күмөн санаган эмес.

 

Аметист

Көгүлтүр же сирень түстүү асыл минерал ээсине тынчтыкты жана ойлордун тунуктугун алып келет. Бул кереметтүү таш терс эмоцияларды бошотууга жардам берет деп ишенишет. Ийгиликтин жана байлыктын ташы, аметист иштерде ийгилик берет, байлыкты жана бакытты арттырат.

Аметист  

Жашыл авантюрин

Хром камтыган фуксит ташка күмүш-жашыл же күмүш-көк түстөгү назик жылтырак кошот, анын даражасы алынган жерине жана минералдын келип чыгышына жараша өзгөрүп турат. Авантюриндин текстурасы, түсү жана жаркыроосу кошулмалар курамына жана дандын көлөмүнө жараша өзгөрүп турат. Бул чанда кездешүүчү минерал, ийгиликтин жана сүйүүнүн ташы. Оптимизм тартуулаган тумар шыктануу берип, ийгиликке жетишүүдө ишенимдүү жардамчы болуп берет.

 

Лабрадорит 

Бул тоо тегинин сейрек кездешүүчү иризация касиети бар - бул моллюсканын кабыгынын седеп түстөргө кубулуусуна окшогон ички жаркыроо. Өзгөрүүнүн жана күчтүн ташы болгона лабрадоритти кээ бир түндүк элдер ыйык деп эсептешкен: алар таштын ичинде түндүк жаркыроосу камтылат деп ишенишкен.

 

Гранат 

Гранат бир эле таш эмес, минералдардын бүтүндөй тобу. Алмандин гранатынын терең шарап-кызыл түсү темир менен хромдун бар экенин көрсөтөт. Гранат башка түстөрдө да кездешет: зайтун жашылынан зымырыт жашылга, кызгылт сарыдан кызгылт-күрөңгө ж. б. Гранат ар кандай жарык шарттарында ар кандай өңдөрдү көрсөтө алат, бул алардын сырын күчөтөт. Жанып турган чокту эске салган сырдуу таш жаркын мүнөздүү аялдарга энергия жана жагымдуулук тартуулайт.

 

Кызгылт кварц

Кварцтын назик кызгылт түсү курамында бир аз титандын болушу менен шартталган. Кээ бир таштар астеризм, же кыймылдуу жылтырак жылдыздардын эффектин берет. Алар жакшы жарык берилген, жылмаланган жерде пайда болот. Назик кызгылт түстөгү минерал – назиктиктин, романтиканын жана сүйүүнүн аллегориясы.

 

Жолборс көзү

Жолборстун көзүнүн адаттан тыш табигый кооздугу жана укмуш касиеттери байыркы дүйнөдө белгилүү болгон, бирок ал кайра жаралуу доорунда гана модага айланган. Янтарь-күрөң түстүү минерал жылуулук жана жарык чыгарат жана терс сезимдерден жана окуялардан коргойт. Бул кайраттуу жетишкендиктердин жардамчысы жана горизонтту кеңейтүүгө көнгөндөр үчүн тумар болуп саналат. Жолборс көзү чыгармачылыкты жана талантты өнүктүрөт, бардык чыгармачылык дараметти ишке ашырууга жардам берет дешет.

 

Топаз

Баалуу минерал, силикат классындагы эң оор жана бышык минералдардын бири. Топаз түрдүү түстө болот, бирок зергерчиликте көбүнчө ак жана көк кристаллдар колдонулат. Оптикалык касиеттери топазды XIX кылымдын европалык зергерлеринин сүйүктүүсүнө айландырды: зер буюмдардагы таштар чыныгы бриллианттай жаркырап турат. Ак топаз - бул майрамдык аурасы бар таш, жаркыраган учурларды жана укмуштуу окуяларды өзүнө тартып турат. Ал ички дүйнөнүн гармониясын коргойт деп ишенишет. Муздак көк түстөгү топаз - тынчтыкты сактоочулардын жана дарыгерлердин ташы. Көк топаз суучулдар үчүн көптөн бери шерик болуп келген: ташты бороон-чапкындан жана жаман аба ырайынан коргоого жардам берүү үчүн алыскы сапарга алып кетишкен.

 

Гематит

Минералдын күзгү бетинде бир сыр бардай. Гематит тагдырдын белгилерин көрүүгө жана туура чечим чыгарууга жардам берет, өзүнө болгон ишенимди арттырат жана терс эмоциялардан сактайт дешет. Гематит - ээсин коркунучтардан коргой турган тумар. Гематиттин оң энергия менен заряддоо жана ойлонулбаган тандоолордон коргоо жөндөмү аны дымактуу максаттарга жетүүдө шериктеш кылат.

 

Обсидиан

Ичинен алтын түс менен нурданган кара түстүү табигый минерал. Түстүн таасирдүү тереңдиги ташка катылган сырга көңүл бурдурат. Аны эң мыкты зергерлер чечүүгө аракет кылышкан, жана акылман көзү ачыктар келечекти көрөм деген үмүттө обсидиан шарларын карашкан. XIX кылымда обсидиан Карл Фаберженин кайталангыс жаратуулары аркылуу популярдуулукка ээ болгон. Мистикалык обсидиан ээсинин оригиналдуу табитин жана ички дүйнөсүнүн байлыгын баса белгилейт.

 

Кара шпинель

Толкунданткан жана өзүнө тарткан кубулма ташты өз жасалгалары үчүн канышалар тандаган. Мисалы, Екатерина IIнин таажысы асыл шпинель менен жасалгаланган.кара шпинель ички магентизмди күчөтөт жана шыктануу энергиясына толтурат деп ишенишкен.

 

Агат

Халцедондун бир түү болгон агат - эң байыркы минералдардын бири. Бул катмарлуу текстурага жана түстөрдүн таасирдүү ар түрдүүлүгүнө ээ болгон таш. Кызыл жана кара агатты көбүнчө зергерчиликте кездештирүүгө болот, бирок сейрек кездешүүчү түрлөр зергерчиликке чыныгы уникалдуулукту берет. Пейзаждык агат - бул таң калыштуу оймо-чиймелүү минерал, ал мох каптаган токойго, деңиз балырларына же өсүмдүктөрдүн оймо-чиймесине окшош. Бул ийгилик тумары тайманбас башталыштардын жана ачылыштардын символу. Көк кружево агаты чыныгы сейрек кездешет, анткени минерал Намибиянын алыскы аймагында жайгашкан дүйнөдөгү жалгыз кенден алынат. Бул бейпилдикти алып жүргөн жумшак энергиялуу асман ташы.

 

Цитрин

Цитрин-бул анын тунук четтери бар, күн нуруна болгон сезгичтиги жогору болгон лимон-сары түстөгү кристалл, анын жарыкты чагылдыруу жөндөмү бар, демек ал сонун жаркыроого ээ. Цитрин күндүн энергиясын оң эмоцияларга, жандуулукка, кубанычка жана өзүнө болгон ишенимге айландыра алат деп ишенишет. Бул өнүгүүгө жана ийгиликке шыктандыруучу минерал болуп саналат.