Трендде: THE ONE менен бирге графикалуу стрелкалар

Подиумдук макияждын кичинекей кара көйнөгү – стрелкалар түбөлүккө модалуу классика болуп кала берет. Жөн гана тренддерди тууроонун кереги жок – макияж сенин индивидуалдуулугуӊду чагылдырышы үчүн стрелканын формасын өз бет түзүлүшүӊө ылайыктап ал.

Назиктик символунан баштап, тайманбас билдирүүгө чейин – каныккан кара стрелкалар ар кандай маанайды билдириши мүмкүн, дал ушул нерсе аны дизайнерлердин эң жакшы көргөн подиумдук макияжына айландырган. Бир көрсөтүүгө ар кандай бет түзүлүштөрүнө жана көз кыйыгына ээ болгон кыздар катышат жана бул кандай гана формада болбосун, стрелкалар ар бир айымга жарашаарын далилдейт.

1-кадам: так бол

Профи сыяктуу макияж үчүн лайфхак  ыңгайлуу фломастер форматындагы интенсивдүү кара подводка, аны менен так сызыктарды жасоо жана кирпиктердин түптөрүнө чейин жетип, стрелка менен кирпиктердин ортосунда боштук калтырбай боёо абдан оӊой. Аппликатордун учун колдонуп, ички бурчтан башта, андан кийин аны кабактын үстүнө коюп, бүт сызыкты чийиӊиз. Көздүн сырткы бурчунан акырын тартып алсаӊ, ал жерди чийүү оңой болот. Негиз даяр болгондон кийин стрелканын учу менен иште – ал үчүн фломастерди оодарып, ал тургай аппликаторду трафарет катары колдонсоң болот. Болгону аны кабагыӊа койсоӊ, үч бурчтук формасындагы так калат жана аны негизги линия менен бириктирип койсоӊ болот.

2-кадам: идеалдуу тон менен айкалыштыр

Интенсивдүү макияж менен укмуштуу стрелкалардын айкалышы образды оорлотушу мүмкүн, ошондуктан бардыгы жеңил болушу керек. Ичинен жаркыраган теринин эффектин алуу үчүн тоналдык негизди суюк хайлайтердин бир тамчысы менен аралаштыр - же жарыктандыруучу праймерди алуу үчүн нымдандыруучу кремге кошЖеӊил контуринг жасап, мурдуӊа, ээгиӊе жана Т-зонаӊа бир аз  упа кош.

3-кадам: классиканы заманбап кыл

Эгерде тандооӊ стрелкалар түрүндөгү классикага түшүп калса, аны тайманбас акцент менен айкалыштыруудан коркпо - мисалы, күтүүсүз ачык түстүү маникюр. Пастель кызгылт көк бул мезгилде болуп көрбөгөндөй актуалдуу!