Экологиялуу тандоо: катуу шампунь

Шампунь катуу болоорун билдиң беле? Чачка кам көрүү боюнча жаңы каражатты өзүң үчүн ачууга даяр бол. Эгер катуу шампунь чачка аналган кадимки самын деп ойлосоң, бул жаңылыш ой менен кош айтышууга убакыт келди.

2018-жылы катуу шампундардын рыногунун көлөмү 10,2 миллионду түздү, жана ал эмне себептен өсүп жаткандыгын түшүнүү кыйынчылык жаратпайт. Көп адамдар күнүмдүк кам көрүүнү экологиялуу кылууга умтулушат, жана катуу шампунь сулуулук индустриясында (анын ичинде Oriflame) бул талапка жооп берет аны пластиксиз таңгактаса болот

Жыл сайын 8 миллион тоннага жакын пластик океанга түшөт. Бул пластиктен турган таштанды мүшөктөрүнүн чынжыры дүйнөлүк жээк сызыгын беш жолу орой алат!

Катуу шампунь тиричилик пластик менен күрөшүүдөгү биринчи кадам. Жана азыр биз бул өнүм тууралуу эң көп кездешүүчү суроолорго жооп берүүгө аракет жасап көрөлү
 
Катуу шампунь деген эмне?

Бул катуу форматтагы шампунь, суюк аналогдорунун экологиялуу аналогу болуп саналат. Компакттуулугунун аркасы менен ага кичинекей, көбүнчө кагаз таңгак керектелет – эч кандай пластиктин кереги жок! Катуу шампунь конденсацияланган ингредиенттерден турат, ошондуктан үнөмдүү сарпталат. Ал эми баарыбыз билгендей, үнөмдүүлүк – айлана-чөйрөнү сактоого болгон биринчи кадам

Эмне үчүн катуу шампунь экологиялуу

Биринчиден, таңгагынын эсебинен. Шампунь катуу болгондуктан, ал пластикке эмес, кайра иштетүү оңой болгон картонго таңгакталат. Жана шампундун көлөмү кичинекей болгондукан, ага бир аз гана картон керектелет.

Мындан тышкары, катуу шампунь өз форматынын эсебинен суюк шампунга караганда үнөмдүү. Бир катуу шампунь 2 даана 250 мл суюк шампунду алмаштырат, демек, аны эки эсе узагыраак колдонсо болот. Суюк шампундун ордуна катуу шампунду тандоо менен, сен убактыңды (дүкөнгө баруу үчүн дагы), акчаңды үнөмдөп, азыраак пластик колдоносуң.

Катуу шампунь биоажыроочу формулага ээ жана бир гана табигый ингредиенттерден турат. Башкача айтканда, чыгынды жок, ошондой эле суунун сарпталышы азаят, анткени суюк шампунду өндүрүү үчүн суу көп керектелет. Баарбыз билгендей, бүгүнкү күндө суу ресурсу абдан маанилүү – ар бир тамчы эсепелет.

Oriflameдин Love Nature өнүмдөрүнүн курамында бир гана табигый ингредиенттер бар. Аларда силикондор, парабендер жок, ал эми алардың таңгагына 50% кайра иштетилген пластик колдонулат. Авокадо майы жана ромашка кошулган биздин катуу шампунь – экологиялуу жашоо образы үчүн дагы бир кадам.

Катуу шампунду кантип колдонуу керек? 

Кадимки шампунду колдонгондой эле: нымдуу колуңа көбүк жаратып, баштын терисине кылдат укалоочу кыймылдар менен сүр. Мындай формат өзгөчө көрүнүүсү мүмкүн, бирок колдонуп көрүп, бул суюк шампундай эле ыңгайлуу экенине ынанасың. 

Катуу шампундан кийин кондиционер колдонуу керекпи? 

Ооба, катуу шампунь – суюк шампундай эле болот эмеспи. Албетте, ал кургак жана бузулган чачтарды калыбына келтирет, бирок мыкты натыйжага жетишүү үчүн Love Nature кондиционерин колдонууну сунуштайбыз. Бул эки өнүм бири-бирине абдан жакшы ылайык келет

Катуу шампунь кимге ылайыктуу

Катуу шампунь жөн гана чачына кам көрбөстөн, планетабызды дагы бир аз жакшыртууну каалагандардын баарына ылайык келет. Өнүм саякатылар үчүн идеалдуу: үнөмдүү жана чемоданга төгүлүп калбайт. 

Oriflameдин авокадо майы жана ромашка кошулган Love Nature катуу шампуну курамында силикондорду жана парабендерди камтыбайт. Ал чачты азыкандыруу жана калыбына келтирүү үчүн табигый авокадо майын колдонуу менен жасалган жана эң негизгиси, таңгагында эч кандай пластик жок! Чачтарыңдын жумшактыгынан ырахат алып, аларга табиятка камкордук менен кам көр.