Мүнөзү бар парфюм: мырзалар үчүн эӊ мыкты жыпар жыттар

Бир жыпар жыт жеке стилдин белгиси катары – бул аксиома эмес. Жашоодогу бардык учурларга ылайыктуу мырзаларга арналган парфюмдардын топтому мүнөздүн ар кандай кырларын баса белгилеп, күн сайын жаӊы образ жаратууга жардам берет. Сен кайсыны тандайсыӊ?

ИТАЛИЯ ЖЭЭКТЕРИНИН СУЛУУЛУГУ

Желаргынын салкындыгын сезип жатасыӊбы? Анда деӊиздин, чөптөрдүн жана күнгө жылыган жыгачтын жыпар жыттары аралашкан. Бул жашоо сага тартуулаган асыл белек. Ага окшоп, ар бир учурдан ырахат ал.
Mister Giordani Aqua  атыр суусунун жыгач-суу композициясынын борборунда— деӊиз жыгачынын өзүнө тартуучу аккорду турат. Деӊиз менен тапталып, күнгө кургаган жыгач бөлүкчөлөрүнүн туздуулугу эрмен чөбүнүн ачуулугу жана, мырзаларга арналган Giordani Gold жыпар жыттарынын классикалык нотасы болгон, жаӊы ветивер менен эӊ сонун айкалышат.

 
 

ЗАМАНБАП ДЖЕНТЛЬМЕНДИН ИДЕАЛЫ 

Романтиканын, харизманын жана асылзаттыктын укмуштуудай айкалышы — анын жүрөгүн кантип тез багындырып алганыӊды байкабай да калды. Ал сен жөнүндө ар дайым кыялданып келген, бирок, сен дал ушундай, 21-кылымдын джентльмени болот деп эч ойлогон эмес.

Жыгач-чөп нюанстары бар кедр ийне жалбырагынын аккордунун негизиндеги Debonair жыпар жыты сенин табигый сүйкүмүӊдү баса белгилейт. Кедр ийне жалбырагынын майы өзүнүн сергитүүчү касиеттери менен белгилүү: ал энергияга толтуруп, нерв системасын тынчтандырып, депрессиядан коргоп, тынч ишенимди жаратууга жардам берет.

 

 

УКМУШТУУ ОКУЯЛАРДЫН ДЕМИ
Анын паспортунда дүйнөнүн ар кайсы бурчунун визалары жайнап, телефону эң кооз жерлердин, маршруттардын жана пландардын скриншотторуна толгон. Беш жылдыздуу мейманканалар жана жатаканалар, жапайы жаратылыш жана заманбап архитектура, технологиялык Азия жана табышмактуу Чыгыш - ал биздин планетанын айырмачылыктарына суктанып, аны жөө басып өтүүнү кыялданат.

Бир жерде токтоп калганыӊды сезип жатасыӊбы?  Born to Fly For Him атыр суусун байкап көр: мексика агавасы, француз лавандасы жана япон юдзусу жаӊы окуяларга шыктандырат. Жыпар жыт эскерүүлөрдү сактап калуусу үчүн, флаконду жаныӊа ала кет. 

МАС КЫЛГЫН КУМАР
Ал эмнени каалаарын так билип, каалаган нерсесине кантип жетүүнү билет. Булгаары күрмө, жөнөкөй футболка же классикалык костюм болобу, эч кандай кийим анын күчтүү ички кубатын жана жалындаган, оор, өзүнө тартуучу көз карашын жашыра албайт. Көз карашы, эриндеринин бурчтарындагы жылмаюусу - ал белгилерди алып, жеңүүчү ким болоорун билип туруп, коркунучтуу оюнга кирет. Ал үчүн баары мүмкүн жана мындай ишенимге каршы туруу абдан кыйын.

So Fever Together for Him жыпар жытын кечелер, рауттар жана жүрөгүӊдүн ээси менен жолугушууга баруу танда — шалфей жана корица менен кооздолгон ачуу калемпир нотасы менен менен пименто в обрамлении шалфея и корицы сделает все за сен үчүн баарын жасап коет.

МИНИМАЛИЗМ ЖАНА ЖЕӉИЛДИК
Таң, тынчтык жана эч кандай шашылыш жок. Эртең мененки тамакка бир чыны кофе, сүйүктүү тост жана жаңылыктар түрмөгү. Душтагы денеге тийген муздак суу тамчылары уйкунун, ойлордун калдыктарын, толкунданууларды агызып кетет: эми ал таза барак сыяктуу жаӊы күндүн бардык чыкырыктарына даяр. Балким, бул дем алыш күнү - же жумушка толгон кадимки иш күнүдүр. Өзүӊдү саркеч, бирок ыңгайсыз кийимдер менен кыскыӊ келбейби. Джинсы, ак футболка. Оор атырбы? Бүгүн эмес!

Эс алуу күндөрүнө парфюм спрейинин кереги тиет: сергитүүчү же өткүр жыттуу, ал транспортто бирге бара жаткан же кеӊседеги адамдардын тынчын албайт, териге жакын жайгашып, сага гана маанай тартуулап турат. 

ИЧКИ ЭРКИНДИК
Мектеп, институт, жумуш, үйлөнүү, батир сатып алуу, неберелер, карылык - план боюнча жашоо ал үчүн эмес. Ал өзүн гана угат, башка бирөөнүн пикирине көз каранды эмес, инстинкттерине ишенип, жашоодо өз жолун жаӊылышсыз тандайт. Рок жылдызы болуп, үй-бүлөлүк бизнес баштап, бир нече мамлекетте жана континентте жашагыӊ келеби? Албетте - эгер чын эле ушуну кааласаң.

Күнүмдүк турмушка чөгүп кеттиӊби? Be the Wild Legend жыпар жыты менен анын чегинен чыгып көр. Бул эркиндиктин чыныгы жыты: амбра, карк мурч жана гибриддик лаванданыны кууруучу аралашмасы кызыксыз күнүмдүк турмуштун атмосферасынан сени сууруп чыгып, жаӊы идеяларды тартуулайт. 

Текст: Сүрөт: Oriflame