Жай-2020 нын башкы тренддери аксессуарларда

Ушул жайда кандай аксессуарларды колдонуу керектигин Oriflameдин расмий стилисти Роман Белоснежный айтып берет.

1. Спорттук шик

Спорт менен машыгуу үчүн  а-ля  кийими көптөн бери эле биздин күндөлүк гардеробубузга көчүп келген жана спорттун стилине карата тренд да өз позициясын бербей келет. Аны балансташтыруу жана сейилдөөдөн тартып кечелерге чейин бардык жерде ылайыктуу кылып алуу үчүн образыңды туура аксессуарлар менен толукта

Стилисттин тандоосу: ар түрдүү түстөгү шакекче-сөйкөлөрдүн топтому, белге тагына турган сумочка.

Роман Белоснежный, Oriflameдин расмий стилисти«Модалуу тренд — бул х/б шым же бели жогору болуп тигилген джинсылар менен бирге спорт тибиндеги майканын жана кроссовкалардын айкалышуусу. Ушул микске абстракттуу шакекче-сөйкөлөрдү, саатты жана спорт-шик стилиндеги образыңды аяктоо үчүн белге тагынуучу сумканы кошуп кой».

2. Тропикалык принт

Сенин ушул жайың кандай да болбосун, тропикке карай тренд менен анда ар дайым жакшы окуялар үчүн орун бар. Тропикалык принт, эгер ал туура айкалыштырылса, чоң шаардын декорацияларына шайкеш келгендей болуп көрүнөт: стилист аны сүйлөшүүлөрдө, жолугушууларда жана ал тургай кеңседе да кандайча кийүүгө боло турганын билет.  

Стилисттин тандоосу: помпондордон турган чачысы бар шарф  (1-июндан тартып сатууга чыгат),  тропикалык принти менен пляжга көтөрүүчү сумка (22-июндан тартып сатууга чыгат).

Роман Белоснежный, официальный стилист Oriflame: «Негизги гардеробуңа тропикалык стилдеги аксессуарларды кош, жана ак джинсы, монохромдуу көйнөктөр жана сарафандар менен айкалыштыр. Мисалы, экзотикалык принти менен жоолуктар  башыңдагы эң сонун кооз жасалга болушу мүмкүн, ал эми пальма жалбырактарынын формасындагы сөйкөлөр жана шуру (ожерелье) көйнөк жана жөнөкөй ак футболка менен образыңа сонун төп келет. Стилдүү жана көп функционалдуу!»

3. Көп функционалдуулук

Ушул жайда аксессуарларды тандап жатканда көп функционалдуулукка артыкчылык бер. Күндүн пландары күтүлбөгөн жерден өзгөрүлүп кетсе, кийимдерди алмаштыруунун жана образды кардиналдуу түрдө өзгөртүүнүн кажети жок: андай учурда аксессуарларды эле алмаштыруу жетиштүү болот.

Стилисттин тандоосуУЗУН ТРАНСФОРМЕР- БООСУ МЕНЕН СААТЧЕЧИЛҮҮЧҮ ПОДВЕСКАЛАРЫ МЕНЕН АКВАМАРИН СӨЙКӨЛӨРҮАКВАМАРИН ШУРУУСУ.

Роман Белоснежный, Oriflameдин расмий стилисти: «Бул тренд менин рухума жакын, анткени ал образды тез жана дайыма ар түрдүү стилдештирүүгө мүмкүндүк берет. Трансформердик-зергердик жасалгаларга, экзотикалык принти менен жоолуктарга көңүлүңдү бур, аларды жеңил эле башыңа салып алуу үчүн толук зергер жасалгаларына, белге тагынуучу сумкаларга (клатч катары алып жүрүүгө да болот) — жана жайкы коллекциядан башка аксессуарларга айландырып алууга болот».

Текст: