Эмне тагыныш керек: Күз 2020 аксессуарларынын 3 тренди

Биз ар бир адам бул күздө байкап көрүшү керек болгон үч трендди тандап алдык— тандап, эксперимент жаса!

Панк-рок

Панктар кайрадан иште! Ачык болуп, демилгечилик табиятыӊды ачуудан коркпо – бардык көз караштар сага багытталсын. Панк стилиндеги аксессуарлар ар кандай образдар менен оӊой айкалышат: мисалы, ишкердик стилге мүнөз берип, же күнүмдүк образдарды өзгөртсө болот.

Асимметрия жана металл пластиналар или бир шурудагы күмүш же алтын түстүү чынжырларсенин образыӊдын тайманбас түстөрү.

Жапайы табият
Анималистика сүрөттөрү, жасалгалар сыяктуу эле, эч качан модадан чыкпачудай. Бул күздө сага аарыларды тагынууну сунуштайбыз! Бул сонун жандыктар  сөйкөлөрдү, шуруларды, шакектерди кооздоп турушат. Дагы жылуулук жаратуу үчүн контрасттуу сүрөтү бар шарфка орон.

Шотландия чакмагы
Жаӊы топтомдогу эӊ күзгү сүрөт болсо керек. Ар кандай түстөгү жана фактурадагы чакмактарды тайманбастан айкалыштыр – ошентип, сен образыӊды өтө модалуу кылып алсаӊ болот. Мисалы, түрдүү түстүү чакмак шарфты боосу чечилүүчү клатч-сумка менен толуктасаӊ болот.

Лайфхак: саат тагынып башта

Колдогу саат өз ээсинин табити тууралуу көп нерсени айтып бере алат, жана да – бул мезгилсиз аксессуар. Минималисттерге  классикалык алтын түстүү саат, ал эми ачык түстүү акценттерди жакшы көргөндөргө аары бөлүктүү саат жагат.

Текст: