THE ONE Everlasting Sync: ал сага көнө тургандай тон

THE ONE Stockholm макияжынын жаңыртылган линиясын жана биринчи жаңы каражат — акылдуу тоналдык негизди тосуп ал, ал теринин муктаждыктарына жакшы көнүгөт жана күнү бою жаңы макияждын натыйжасын берет. Келечекте сенин косметичкаңдагы чыныгы конок!

Биз кечээ эле жылдын мезгилдерин, теринин текструасын, муктаждыктарын эске алуу менен теринин тонун туруктуу түрдө алмаштырып турчубуз. Кышында калыңыраак, жайында – жеңилирээк, суук күндө - азыктандыруучу, ысык күндө – жылтырабаган бозомтук тонду тандап алчубуз. Эгерде, алар көптөгөн катардан турган кичинекей баночкалардын ордуна сен «бардыгы үчүн» деген бир эле каражат тууралуу кыялдансаң, бьюти-илиминин акыркы жетишкендиктерин карап чыксаң болот. Жана тоналдык негиз сага көнүксүн!

Кайсы гана финишти же текстураны жакшы көрсөң да, THE ONE Everlasting Sync SPF 30 тоналдык негиз сенин териң менен бир толкунда болот. Жаңы каражатты дароо колдонуп көрүүнүн биз бир нече себептерин таптык. 

Ал жаңы эле жасалган макияждын натыйжасын көпкө чейин сактайт
Ошолор үчүн көпчүлүгү тоналдык кремди жаман көрө турган анын көптөгөн көйгөйлөрүнүн бири — макияжды жасагандан кийин ал ошол учурда идеалдуу көрүнөт, ал эми бир күндүн ичинде ал кургап калат, теридеги кемчиликтерди андан да жаман баса көрсөтө турган көйгөй.  

 

THE ONE Everlasting Sync формуласы Skin Response технологиясынын негизинде тузүлгөн, ал айлана-чөйрөгө жараша теринин муктаждыктарына көнүгөт. Айланаңдагы аба нымдуу болсо, акылдуу технология андан нымды сиңирип алат, ал эми аба кургак болсо — териде керектүү өлчөмдөгү нымдуулукту сактоо менен анын териде кармалып, сакталышына жардам берет.  Анын натыйжасында сен жаңы эле жасалган макияждын натыйжасын аласың жана теринин көпкө чейин сергектикте болушуна жетишесиң. 

Ал туруктуу. Абдан туруктуу!
THE ONE Everlasting Sync 30 саатка чейин туруктуулугун сактай турганын клиникалык тесттер далилдешти. Албетте, макияжды анчалык көп убакытка чейин кармоого болбойт — бирок, эгерде сенин күнүң күтүүсүз сценарий боюнча кетсе, анда тоналдык негиз туруктуу түрдө кармалуу менен сени ыраазы кылат. Суу менен жууганда да туруктуу, жогорку нымдуулукка жана тердегенге да туруктуу, ал крем менен жабуунун каныккан түрүн күнү бою сактайт.  

Ал сенин териңе камкордук көрөт
Тон SPF 30 факторун камтыйт, ал фото карылыктан терини кошумча сактоого жардам берет. Ультрафиолеттик нурлар, жыл мезгилдеринен жана күндүн бүркөктүгүнөн көз карандысыз, ал ар дайым активдүү, ал тургай алар айнек аркылуу да өтөт жана сен кеңседе же машианада отурсаң да, алар териге терс таасирин тийгизет.  

Сен идеалдуу түстү жеңил эле таап аласың…
Эгер сен үчүн керектүү түстү тандап алуу – бир топ көйгөйлүү болсо, THE ONE Everlasting Sync — так сенин вариантың! Теринин үч тонун: муздак, жылуу жана нейтралдуу түстү алуу үчүн мына сага дароо 10 түс. Туз эле сайттан буйрутма берүүдөн коркпо: түстү тандап алуу куралынын (инструмент) жардамы менен сен түстү туптуура таап аласың. Ал эми курамындагы Skin Camouflage пигменттери (тактары) теринин тонуна көнүгөт жана беттин өңүн жеңил эле тегиздөөгө жардам берет.   

… жана бир күндүн ичинде беттин майланышып жылтыраганын улам тазалап алып туруунун кереги жок!

THE ONE Everlasting Sync курамында Oil Control пудрасы (упа) бар, ал туруктуу жарым бозомтук финиш үчүн тердин жана теринин майынын ашыкчаларын сиңирип алат.  Аны пудра (упа) менен бекемдебей койсо деле болот — мына макияждагы дагы бир этап.  Бирок ушул эле учурда сен өзүңдүн тонуңду сүйүктүү праймериң менен айкалыштыра аласың. 

 
Текст: Сүрөт: Oriflame