Тестирленген: сакал-мурут алуу үчүн NovAge Men каражаттары

Чыныгы эркектер үчүн артыкчылык, медитация, ритуал. Сакал-мурут алуу — кадимки груминг этабына караганда бул бир чоң иш. Oriflame NovAge Men серияларынан комфорттуу сакал-мурут алуу үчүн жаңы технологияларды көрсөтөт. Кемчиликсиз жылмакай тери, мурут же сакал менен — өзүңө ишенген боюнча кал же NovAge Menдин жаңы каражаттарынын жардамы менен өзүңдүн стилиңди жеңил эле өзгөрт.

 

 

 

Сен Ironman дистанциясына кандайча катышуу чечимине келдиң?

Жашоодо мен айрым учурларда мүмкүн эмес нерселерди жасоону кааладым. Мен эч качан спорт менен машыккан эмесмин, ошондуктан менин тандоом Ironmanга түштү. Сууда сүзгөндү мен таптакыр билчү эмесмин. Велосипедге 20 жылдан ашык убакыттан бери – бала кезден бери - отурган эмесмин. Чуркоого аракет кылдым анда мен үйдүн  айланасында 2 километрди араң чуркадым. Ушундай чуркоодон үч жыл өткөндөн кийин Ironman пайда болду.

Эң кыйыны – 30 жашка чыкканда сууда сүзгөндү үйрөнүү экен. Бул учуу сыяктуу. Жашоонун алгачкы 30 жылында сууда буттарыңды башкара албай суунун түбүнө тартылып түшүп кетчү -  ал эми азыр болсо, сен сууну башкара аласың. Сууда калкый аласың, кыймылдйсың, ал тургай байланган колдоруң менен да сууда сүзө аласың. Эми укмуш, аябай сонун!

Стартка даярдык менен калган жашоо-турмушту бирге жүргүзүүгө кантип жетиштиң?

Жетише алган жокмун, калган жашоо-турмушка, чынында, убакыт да болгон жок. Жумасына алты жолу бир нече саат бою машыгуу, гидрокостюмдар, велосипеддер, өлчөөлөр. Мунун өзү эң чоң басым болуп саналат. Ушунун баарына чыдаганы үчүн аялыма абдан ыраазымын: бул менин гана Ironman эмес, бул анын дагы Ironmanы.

Сен старт күнүн эстей аласыңбы?

Мен чөгүп кетемби деп коркком, себеби старттын акыркы моментинде өтө ысык болгондуктан бизге гидрокостюмдарды чечкиле деп айтышты. Көлдө гидрокостюмдарсыз өтө кыйын, себеби тузсуз агын суу адамды кармабайт, ал эми сууда сүзгөндү болсо, мен болгону үч жыл мурда үйрөнгөм. Ошондо 2000 киши старт алганда, суу тим эле кайнап чыккандай эле болду: баары тең эки жагын карабай, сууну колдору менен да, буттары менен да чапкылашып сүзүп башташты. Менде болсо жанталашмай  атакасы башталды: көздөрүм алайып, аба жетпей, дем ала албай калдым, ичимден коркуп, жүрөгүм оозума келди.  Аз жерден чөгүп кете жаздадым, бирок коркуу пристубун жеңип, андан ары сүзүп жөнөдүм. Бул мелдеш менин өмүрүмдөгү эң маанилүү окуялардын бири болуп калды. Адатта ушундай эле болот, эң кызыктуу жана таасирдүү окуялардын баары тең коркуу сезимин артка калтырат. Эң башкысы токтобош керек жана кадамды алдыга гана шилтөө керек!

Мен Ironman жасоону пландаштырып жатам деп досторума айтканда, алар мага ишенишкен жок, бул мага колдоодон да күчтүү мотивация  болду. Ironmanдан  кийин менин колумдан баары келээрин түшүндүм. Эгер максат койсо, ар бир адамдын колунан келет. Каалаган максатты кой!

Сенин күндөлүк камкордук көрүүңдө сакал-мурут алуу кайсы орунду ээлейт?

Ар бир күнү мен сакалды кыска кылып калтыруу үчүн триммер менен колдоном. Ал эми өзгөчө бийик болууну кааласам,  сакал-мурутту толук кырып салам.

Өзүм колдонуп жүргөн көбүктү сакал-мурут алуу үчүн NovAge жаңы коргоочу гелине алмаштырдым: эң сонун сезимдер! Ал менин комплекстүү камкордук көрүүмдү толуктап турат.

Виктор Афонинден ийгиликтин эрежелери: алар кандайча чыкмак?

Сен баарын жасай аласың. Дайыма кыймылда бол жана жаңы тажрыйба ал. Эсиңде болсун: жашоодо бардык нерсе — маанилүү маселе. Эгер, сен аны эмне үчүн жасоо керектигин билсең, сен бардык сынактардан өтө аласың. Жашоо-турмуш  — бул ушул жерде жана азыр. Аны кийинкиге калтырып, бир нерсени күтүүнүн кереги жок. Жашоодон баарын алуу менен ырахат ал. Сен эмнени жакшы көрсөң, ошол ишти жаса, жана ушундай мүмкүнчүлүк үчүн ар бир күн үчүн ыраазычылык билдир.  

 

Сен өзүңдү кандай сезериңе сенин тышкы келбетиң кандай таасирин тийгизет?

Сакал-мурутту алууну мен мындан 8 жыл мурда токтотком. Мен мурда сакал-мурутумду бат-баттан кырып алып турчумун, андан кийин мага кыска сакал-мурут жараша турганын, жана сакал-мурутту кырып алууга көп убакыт кетирүүнүн кереги жок экенин түшүндүм. Ал эми кийим бир топ эле күчтүү таасирин тийгизет: мен костюм кийип жүргөндө далым автоматтык түрдө түзөлүп калат. Менин биринчи жолку иштен көтөрүлүүм костюмума байланыштуу болгон. Мен студент кезимде Лондондогу бир кейтеринг компаниясында бармен болуп иштеп жүрдүм. Анан бир жолу костюм кийип алдым, аны бир арзан дүкөндөн тыйынга эле сатып алгам. Жөн эле кеңсеге келгем, а алар болсо: "Оо Алекс, бул  сенсиңби!" деп калышы.  Бир жума өткөндөн кийин, мен event-менеджер болуп иштеп калдым. Өзүңдүн тышкы келбетиңди баалабай коюуга, жана сенин келбетиң кандай пикирди жаратаарын баалабай коюуга болбойт!

Сенин таңкы убакытың кандай өтөт?

Мен эртең менен саат 7 де турам, жарым сааттан кийин – балакайларды бала-бакчага алып баруу үчүн чыгышым керек. Эртең мененки туалет тиштерди тазалоону, чачтарды тарап жасалагалоону жана NovAge Men комплекстүү камкордук көрүүнү камтыйт — жана бул чындык! Көздөрдүн айланасындагы тери үчүн крем өзгөчө, анткени, ал муздак ролик менен — натыйжасы эми укмуш, айтууга сөз табылбайт.

Сакалга мен өзүнчө камкордук деле көрбөйм, бул кийинки этап, ага мен али жете элекмин. Бирок эми баштайм: NovAge тынчтандыруучу крем-гель, бат сиңет, эң сонун жыттанат, жабышкак эмес. 

Сенин мүнөзүң карьера жасаганга кандай жардам берди?

Мен Лондондо кедей студент болчумун, көчөлөрдү шыпырчуумун - бул менин биринчи жумушум болду. Андан кийин  кандайдыр бир кейтерингдик компанияда иштеп калдым, event-менеджер бодум, ивент-компанияларында фриланстан тартып  Oriflameге чейинки жолду басып өттүм, андагы иш-чаралар —  бул жөн гана маркетинг каналдардын бири эле эмес, бул бизнес-моделдин бир бөлүгү болуп саналат.   Ивент-чөйрөсүндөгү жумуш мен үчүн таптакыр туура келбеши керек эле, себеби мен  типтүү эмес интровертмин. Чынында, бул менин күчтүү жагым болуп саналат — тегерегимде баары абдан коркунучтуу окуялар болуп, баары жанталашып жүгүрүп жүрсө да, мен толук сабырдуулукту сактай алам. Азыраак чарчайм, себеби мен ар дайым өзүмө энергиянын кайсы бир резервин дайыма калтырып коем, жана аны эч ким менен бөлүшпөйм.

Сен кантип кайра калыбыңа келесиң

Ири долбоордон кийин сени адреналиндик эйфория басат, бактылуу жана ыраазы болуп басып жүрөсүң, бирок, бул эки эле күнгө созулат. Коркунуч кийин келет, PES же post-event syndrome деп аталган түрүндө синдрому келгенде: эң жаман апатия абалына келип, эч нерсе жасагың келбейт. Ушундай ири окуядан кийин баары маанисиз жана керексиз болуп көрүнөт. Мурда мен эки жумага чейин ушундай жаман абалда жүрчүмүн, бирок мага глобалдуу жоопкерчиликти жүктөп койгондон бери, мындай көйгөй менде жок: мен  дароо эле өзүмө жаңы милдеттерди жүктөп алам. Чынында эле, бардык депрессия сыяктуулар – жумуш менен айыгат. Эгерде эс алгым келсе, кайт менен (мен кайтсерфинг менен машыгам) бир жакка кетем же үй-бүлөм менен бир жакка кетип калам. Булар сени эң сонун кайра калыбыңа келтирет.

Сен үчүн ийгилик деген эмне?

Эмне жакса, ошону жасаган мага жагат. Мен бактылуумун. Азыр да, мындан беш жыл, он жыл мурда да ушундай. Бул ушундай ыкма: бул сага эмне жакса ошону жасайсың, же эмнени жасасаң ошону жакшы көрүүгө өзүңдү мажбурлайсың. Албетте, биринчи вариант жакшы - бул так мен жакшы көргөн учур. Мен өткөн жөнүндө көп ойлонбой, келечекке көбүрөөк карайм, мен ушул жерде жана азыр болгонго аракет кылам.

Баатырларды тандоо  

Өзүңдүн комплекстүү камкордук көрүүңө эки этаптагы идеалдуу сакалды кырып алууну кош. Razor Glide технологиясы жана уникалдуу минералдуу комплекси менен сакал алуу үчүн коргоочу NovAge Men гели, супер-жылмакайлыкты, терини дүүлүктүрүүсүз жана тынчтандыруучу таза сакал алууну камсыз кылуу менен байма-бай көбүргөн көбүккө айланат. Минералдуу комплекси жана ментолу менен Coffea Bengalensis өсүмдүгүнүн стволунун клеткаларынын экстрактынын негизинде сакал алгандан кийин тынчтандыруучу крем-гель сакал алгандан кийин аны калыбына келтирүү менен жана кургап калуунун жана дүүлүгүүнүн алдын алуу менен терини дароо эле муздатат, жумшартат, жана терең нымдаштырат.

Өзүндүн #менсунуштайм хэштегиң менен күндөлүк иштериң тууралуу айтып бер жана NovAge жаңы продуктулары менен идеалдуу сакал алуунун сырлары менен бөлүш!

Текст: Сүрөт: Владимир Кочетков