2020-жылы 8-мартта эмне белек кылсам болот?

Анын күнү — анын эрежелери. Эртең мененки тамакты даярдап, төшөгүнө чейин алып кел, кечеге карата пландарды ойлоп таап кой – ал эмне тууралуу катуу кыялданып, аны кааласа, ошону белек кыл. Ал эми биз болсо, туура тандоо жасоого жардам беребиз!

Табышмактуу, сезимтал жана байма-бай айымдар үчүн

Силер көптөн бери эле таанышсыңар, бирок ал сен үчүн дагы эле табышмак бойдон калууда. Анын сезимдеринин сулуулугу жылдан жылга күчтүүлөнүп жаңы ачылып келе жаткан - чыныгы сейрек кездешүүчү гүл! Кызыл лилиянын аккордунун негизинде Amber Elixir Mystery байма-бай жыпар жытын белек кыл: дүйнөнүн көптөгөн элдеринде ал күч, кумарлануу жана бийлик дегенди түшүндүрөт. Кызыл лилиянын таттуусу жана ачуусу жок ноткалары менен даамдуу жыпар жыты. Amber Elixir Mystery ал цитрус, ваниль жана амбра менен толукталган.



Ал күнүгө майрам күндөгүдөй жашай турган айым үчүн

Сен анын тарыхын бир нече саат бою угуп отура бересиң, анын айтып жаткан сөздөрүнөн — алардын сюжетинин курчтугу же анын кереметтүү ууртундагы жылмаюсу кызыктырабы, айтор, айтуу кыйын. Ар бир кызга помада керек — ал эми помададан ону болсо, андан да жакшы, ар бир маанайга жана көйнөккө өзүнчө башка помада. Биз жибектей текстурасы жана ширелүү түстөрү менен жаңы Giordani Gold Iconic жалтырабаган помаданы сунуштайбыз. Табигый майлар жана экстракттары менен болгон формула аны сүйкөгөндөн кийин дароо эле жана ал эриндерде кармалып турган убакыттын ичинде териге камкордук көрүп баштайт. Ошентип эриндерде эч кандай кургактык жок! 



Таң аткандан күн батканга чейин ал ачык жылдыз болууну каалаган айым үчүн

Ал бүгүн кандай образды тандап алаарын сен эч качан билбейсиң. Ретро-кыз, рок-жылдыз же сүрдүү бизнес-айым — ал дайыма ар кандай болушту билет, бирок анын көздөрүнөн дайыма бактылуулуктун жалыны чачырап турат. The ONE тендеринин палитрасынан кайрадан жаңылануу (өзгөрүү) үчүн бардыгы табылат. 



Эң камкор айым үчүн

Ал бардыгынын туулган күндөрүн, мектептеги контролдук иштердин жана эсептердин акысын төлөөнүн даталары дайыма анын эсинде, бүт үй-бүлөөсүн күнүгө талыкпастан камкордукка бөлөп турат. Ал ага камкордук көрө ала тургандай белек керек — ал эми ал үчүн Wellness продуктуларынан жакшы эч нерсе таппайсың. Биздин тандоо — чачтар жана тырмактар үчүн нутрикомплекс же «Деңиз кальцийи жана D витамини» комплекси болду. 



Бактылуулуктан күлүп-жайнап турган айым үчүн

Анын сулуулугуна убакыт бийлик кыла албайт, ал эми майда бырыштар — бул болгону бактылуу учурлар, күлкүлөр жана шаңдуу күлкүсү тууралуу гана эстелик. Сен анын сырын билесиң жана ал үчүн белек тандоо сен үчүн жеңил эле. Ал сүйүктүү NovAge комплекстүү камкордук көрүүнү толуктай турган, каалаган продуктуну белек кыл: терини жаңыртуу үчүн эки фазалуу пилинг, моюн жана декольте үчүн концентрацияланган крем-скульптор же жаңы продукт — ал бардык кирлерди жана суу менен жууганда да кетпеген туруктуу кармала турган макияжды да кетире турган, жуунуу үчүн тазалоочу майды белек кыл.



Романтикалуу айым үчүн

Биринчи жазгы гүлдөргө окшошкон, ал жеңил жана назик болуу менен ал кыялданганды да билет жана башкаларды шыктандырып дем да бере алат. Women’s Collection жыпар жыттары жана Delicate Cherry Blossom белектердин топтому анын ичке чыгармачыл натурасын баса көрсөтөт. 



Ар дайым өз толкунунда жүргөн айым үчүн

Анын жибектей тармалдашкан чачтары сени оюңдан адаштырат, жана сен эмне деп айткың келгенин да тез эле унутуп каласың. Байма-бай чачтары — бул сыймык гана эмес, бул эң чоң эмгек да болуп саналат. Алардын сулуулугун алар сактоого жардам бере турган кымбат баалуу майлардын негизинде жасалган эң сонун заманбап продуктулар керек. Eleo майларына: азыктандыруучу, калыбына келтирүүчү жана түнкү майларга көңүл бур. Аны кутучага салып таңгактоо гана калды! 

Текст: Сүрөт: Oriflame