Көзгɵ арналган праймер кɵлɵкɵ менен көздү боеону жеңилдетет, ошондой эле макияждын туруктуулугун узартат, ошондуктан аны көздүн бардык формаларында тең колдонуу сунушталат. Бирок салаңдаган кабак менен болгон учурда, бул каражатты сөзсүз түрдɵ колдонуу зарыл. Бекитүү үчүн, дене түсүндɵгү көлөкөнү кабактын үстүнө толук жайып боёңуз. Алар жылтылдаксыз, жалтырабаган болушу керек. Бул эрежени сактабоо менен, сиз кɵзгɵ визуалдык түрдө көлөм кошуп, аны ого бетер «оорлоштуруп» алышыңыз мүмкүн. ɵнүмдɵрдү тандоого кɵңүл бɵлүү маанилүү.
Подводка туруктуу болушу керек, ал эми кирпиктердин арасын боеого арналган карандаш бекитүүчү эффекти менен болушу керек. Мен 35742 жана 36547 кодун тандайм. Бул макияждын негизги максаты - көздү «ачуу». Төмөнкү кабак минималдуу түрдө баса белгиленет – эч кандай жоон жана калың сызыктар болбошу керек. Болбосо, көзүңүздүн формасын ичкертип аласыз. Узун кең жебелер кабактын мындай түзүлүшүнө ылайыктуу эмес. Алар болгону көңүлдү ɵзүнɵ буруп, кɵз карашты оор жана ɵз жашынан улуураак кылып кɵрсɵтɵт. Идеалдуу вариант болуп үстүнкү кабакта кирпиктин ɵсүү сызыгы боюнча ийилген ичке жебе саналат - ал көздүн сулуулугун баса белгилɵɵгɵ жардам берип, ошол эле учурда ал көлөмдүү суурма менен басылып калбайт. Кɵздүн ички бурчунан эмес, кирпиктин ɵсүү сызыгынын ортосунан башталган жарым жебе - бул опция бир гана салаңдаган кабакка ээ болгон гана эмес, көздөрү жакын жайгашкан кыздарга ылайыктуу.