Калың боёлгон кирпиктердин эффектин кантип алса болот?

1. Макияжда экиден кɵп нерсеге басым жасаба: же калың боёлгон кирпиктер + ачык тень (эриндерди баса белгилебестен). Же, тескеринче, кирпиктер + эриндер (тень менен боёбостон). 

2. Кирпиктериңди кирпик ийгич менен ийип ал. Андан кийин аларды зигзаг сымал кыймылдар менен – түбүнɵн учуна чейин боё. Ачык эффект үчүн эки катмар кылып боёсоң болот. 

3. Эң чечкиндүүлɵр үчүн образ: кирпиктердин модалуу «жɵргɵмүштүн буттары» эффектин жаса! Кирпиктериңди калың боеп, искектин жардамы менен аларды бир нече тутамдарга бɵлүп жабыштыр.