Макияждын жардамы менен кантип «инста эриндердин» эффектине жетишсе болот

«Инста эриндер» – бул сүрɵттɵ табигый түстɵгү кɵлɵмдүү жана сезимтал эриндердин эффектин жараткан макияж.

Негизги ɵзгɵчɵлүгү – үстүңкү бɵлүгүнүн бир аз кɵтɵрүлүүсү – башкача айтканда Купидондун аркасы. Бул эффект үчүн insta-масканы колдонбой деле койсо болот. Болгону ɵзүңдүн пигментиңен бир нече түскɵ күңүрт болгон эрин контуруна арналган карандаш керек.

Карандаш менен помада эриндерге тегиз боелуп, теринин түлɵɵсү билинбеши үчүн, аны бир аз даярдоо керек.

Териге скрабды жеңил укалоочу кыймылдар менен сүйкɵңүз: тери назик жана жылмакай болуп калат. Андан кийин сɵзсүз түрдɵ эриндерди бальзамдын жардамы менен нымдандырыңыз. 5-7 мүнɵттɵн кийин сүлгү менен бир аз кургатып, контурду чийүүгɵ киришиңиз.

Карандаштын жана помаданын түсүн тандап жатканда, алар 2-3 түскɵ айрымаланышы керек экенин эске алыңыз. Контур бир аз күңүрт болушу керек. Үстүңкү эринден баштап карандаш менен анын ортосун белгилеп, алдыңкы эриндин борбордук бɵлүгүн чийип алыңыз. Кɵлɵмдү чоңойтуу үчүн, үстүңкү эриндин ортосундагы аймактын табигый контурунун чегинен эки миллиметрге чыкса болот. Контур ɵтɵ ачык кɵрүнбɵшү үчүн, карандашты эриндин борборуна карай кисть менен жайып боёңуз.

Андан кийин помада менен боёп, ал эми кɵлɵмдүү эриндердин эффектин күчɵтүү үчүн бир аз жылтырак кошсо болот.

 

ДАЯР БОЛДУ – СИЗ ФИЛЬТР КОЛДОНБОСТОН МОДАЛУУ ЭФФЕКТКЕ ЖЕТИШТИҢИЗ!