Кызгылт помада менен жасалуучу макияждын үч түрү

Трендде болуу үчүн кызгылт помаданы кантип колдонуу керек?

Заманбап ыкма – помаданы эриндерге гана эмес, манжалардын жардамы менен жука катмар кылып бетке, чекеге жана кабактын суурмасына сүйкɵɵ. Бирдей кызгылт түс беттин ар кайсы бɵлүктɵрүнɵ колдонулганда макияж гармониялуу жана сергек болуп кɵрүнɵт.

Ылайыктуу текстураны кантип тандаса болот?

Эгер эриндериң жакшы нымданган болсо, туруктуу жабууну жараткан жалтырабаган текстураны колдонсо болот. Жана тескеринче – эгер азыр эриндериң кургап жатса, жалтырак, нымдандыруучу тандаганың оң. Алардын туруктуулугу бир аз тɵмɵн, бирок эриндериң кам кɵрүлгɵндɵй кɵрүнүп турат.

Эксперттин кеңеши – помада менен кантип боёо керек?

Тез жана текшерилген ыкма – бир катмар кылып манжалардын учу менен сүйкɵп, контурун манжа, кисть же кебез таякчасы менен кылдат жайып боео. Графикалуу кечки макияж үчүн алгач карандашты колдонуп, контурду так жана симметриялуу чийип алып, андан кийин бир же эки катмар кылып помаданы жалпак кисттин жардамы менен боёо керек.